Курс USD 85.73 / 86.22
Курс EUR 86.90 / 87.84
Курс RUB 5.324 / 5.375
Курс KZT 0.161 / 0.229
USD USD
85.73 / 86.22
EUR EUR
86.90 / 87.84
RUB RUB
5.324 / 5.375
KZT KZT
0.161 / 0.229

Ысык-Көлдү санарип толкун каптады: MBANKтын «Санарип толкун» акциясы башталды

28-июнда «Коммерциялык банк Кыгызстан» ААК | MBANKтын «Санарип толкун» акциясынын бет ачары болуп өттү. Иш-чара Ысык-Көлдүн жээгинде, BOHO BARдын ачылышында өттү.
Ысык-Көлдү санарип толкун каптады: MBANKтын «Санарип толкун» акциясы башталды

«Санарип толкун» – MBANK кардарлары үчүн 2024-жылдын жайкы сезонунда Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги пансионаттарда өтүүчү промо-акция. Бул акциянын алкагында коноктор көңүл ачуучу иш-чаралардан ырахат алуу менен бирге MBANKтын жаңы продукциялары менен таанышышат.

«Саратан жайды кызыктуу жана көңүлдүү өткөрүү үчүн кардарларыбызга «Санарип толкун» акциясын сунуштайбыз. Аптаптуу жай айында өз кардарларыбызды ыңгайлуу жана жеткиликтүү кызматтар менен таңкалтырууну улантабыз. Биздин жаңылыктарга көз салып туруңуз жана активдүү катышыңыз», - деп белгиледи акциянын бет ачарында MBANKтын коомчулук менен байланыш жана коммуникациялар боюнча директору Асель Абыкеева.

Кардарлар үчүн атайын арзандатуулар BOHO BAR менен кызматташуунун алкагында иштейт: MBANK премиум картасынын ээлери үчүн бардык менюга жана ушул жайкы сезондо Ысык-Көлдө жана шаарда өтө турган концерттерге арзандатуулар.  

Арзандатуулар MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу билеттерди сатып алууда колдонулат.

Алдыдагы концерттер

  • Гайтананын жеке концерти – 11-июль күнү Бишкекте BOHO CITY BARда өтөт;
  • Абир Касенов – 10-август күнү Ысык-Көлдө BOHO BARда өтөт.

Учурдагы жайгашкан жер жана алдыдагы иш-чаралар жөнүндө маалыматты өткөрүп жибербөө үчүн биздин веб-сайт жана социалдык баракчаларыбыз аркылуу кабардар болуңуз.

«Санарип толкун» акциясы 2024-жылдын 27-июнунан тартып 31-августуна чейин созулат. «Санарип толкун» акциясына кошулуп, MBANK менен санарип мүмкүнчүлүктөрдүн дүйнөсүнө сүңгүңүз.

MBANK толкунунда бол!

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБнын лицензиясы № 014. 

1607
2024-08-06T11:10:15+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.