MBANK шылуундарга каршы: кардарларды коргоо кандай иштейт?

Кыргызстандыктардын дээрлик ар биринде MBANK бар. Ошондуктан биз банк кандайча кардарларын шылуундардан коргоп, акча жоготууга алып келиши мүмкүн болгон каталардын алдын алууга жардам берип жатканын тактап көрүүнү чечтик.
– Кайсы операциялар банк үчүн шектүү деп саналат?
– Банк кардардын кадимки жүрүм-турумунан айырмаланган операцияларга көңүл бурат. Мисалы, эгер которуулардын көлөмү же жыштыгы өзгөрсө, каражаттар белгисиз булактардан түшсө, же эсепте күтүүсүз активдүүлүк байкалса. Ошондой эле жеке маалыматтардын күтүүсүз өзгөрүшү же адаттан тышкары каржылык аракеттер – мисалы, депозитти жабуу менен бирге дароо кредит алуу, же ири суммадагы которуулар да банкты шектендириши мүмкүн.
-- MBANK'та операциялар автоматтык түрдөбү же кызматкерлер тарабынан кол менен текшерилеби?
– MBANK – Биринчи санарип. Биз кардарлардын операцияларын алгач автоматтык мониторинг системалары аркылуу анализдейбиз. Андан соң системадан сигнал түшсө, тиешелүү бөлүмдөрдүн аналитиктери кол менен текшерип чыгышат.
– 2024-жылдын ноябрынан тарта КРда кредиттер үчүн «муздатуу мөөнөтү» иштеп жатат. Натыйжа кандай?
– Биз бул чараны оң баалайбыз. Бул демилге шылуундардын тузагына түшүп калган кардарларга өз акчасын сактап калууга жардам берет. Бар болгон маалыматтарга ылайык, ушул чаранын жардамы менен MBANK ондогон шылуундук аракеттердин алдын алган.
– Банк шылуунчулук аракеттерди токтотуу үчүн кандай ыкмаларды колдонуп жатат?
– Банк кардарларынын коопсуздугун камсыздоо үчүн заманбап ыкмаларды комплекстүү түрдө колдонот. Бул – техникалык чечимдерди да, кардарлар менен түз иштөөнү да камтыйт. Бардык чаралар кардарлардын жана алардын каражаттарынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоого багытталган.
Клиенттер акчасын сактап калуу үчүн эмне кылышы керек?
- Картанын маалыматын, бир жолку СМС-кодторду, сырсөздөрдү эч кимге бербеңиз — атүгүл «банк кызматкери» чалып жатса да;
- СМС, электрондук каттар же мессенджерлердеги шектүү шилтемелерге баспагыла;
- Ачык булактарга (соцтармактарга) өз жүзү так көрүнгөн же үнүңүз чыккан видео жана сүрөттөрдү, айрыкча жеке маалыматтар менен бирге жүктөбөңүз;
- Маалыматты расмий булактар аркылуу өзүңүз текшериңиз (мисалы, картаңыздын арткы бетиндеги номер боюнча банкка өз алдынча чалыңыз);
- Этият жана сак болуңуз.
– Шылуундар көбүнчө кандай суммалар менен аракет кылышат?
– Тилекке каршы шылуундар үчүн кайсы сумма болбосун баары баалуу. Кээде алар ири суммага кызыгышса, кээде майда сумма менен эле алдоо жүргүзүшөт.
– Жапа чеккендердин билдирүүлөрүнө караганда, кээде банк кардарлары шылуундарга акча которуу үчүн депозиттеги топтогон каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алып салышат. Банк кардардан эмне себептен депозитти жаап жатканын сурайбы?
– Азыркы учурда депозитти мөөнөтүнөн мурда жабуу жана акчаны алуу — толугу менен кардардын жеке чечими. Банк мындай учурда кошумча маалымат талап кылууга укуктуу эмес. Бирок, банк кызматкерлери көп учурда кардардын чечимине эмне себеп болгонун сурашат.
– Эмне үчүн банк кардар шылуунга акча жибергенин дароо түшүнгөндө жана ошол замат кайрылганда да операцияны токтото албайт?
– Көпчүлүк учурда кардар банкка кайрылганга чейин эле акча эсептен чыгып кетет. Анткени шылуундар дароо эле каражатты башка банк эсептерине которуп жиберишет.
– Эгер кардар катачылык менен шылуунга СМСтен келген кодду же картанын маалыматтарын берип койсо, эсепти коргоо жана кирүүнү калыбына келтирүү мүмкүнбү?
– Ооба, зыяндын алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар. Банкта автоматтык коргонуу системасы иштейт. Бирок бул жерде кардардын канчалык тез реакция кылганы да маанилүү — канчалык эрте банкка кайрылса, акчаны сактап калуу жана аккаунтка кирүүнү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.
– Эмне үчүн шылуундардын курмандыгы болгон адам банкка гана ишенип отура бербестен, сөзсүз укук коргоо органдарына да кайрылышы керек?
– Укук коргоо органдарына кайрылуу — жапа чеккен адамдын кызыкчылыгы үчүн маанилүү. Анткени банк башка адамдардын эсептерин же каражаттарын узак убакытка кармап туруу укугуна ээ эмес.
Шектүү эсептердеги каражаттарды банкта кармап туруу үчүн расмий негиз керек — мисалы, соттун токтому же укук коргоо органдарынын расмий өтүнүчү. Мындай документтер адатта жапа чеккен тараптын арызынын негизинде даярдалат.
– Шылуундардын тузагына түшүп калбоо үчүн кандай кеңеш бересиз?
- Шашылбаңыз жана дүрбөлөңгө түшпөңүз – шылуундар атайын шаштырып, ойлонууга убакыт бербегенге аракет кылышат.
- Бейтааныш адамдар менен телефон аркылуу узак сүйлөшпөңүз, айрыкча акча же жеке маалымат сурашса.
- Эгер жакын адамыңыздан «чукул кырдаал болду» деген шылтоо менен акча которууну суранган билдирүү келсе – шашпай текшерип көрүңүз. Башка байланыш каналы аркылуу (мисалы, телефон чалыңыз) маалыматтын чын-төгүнүн аныктаңыз. Балким, анын аккаунтун шылуундар бузуп кирип, анын атынан жиберип жатышы мүмкүн.
- Өзүңүздүн сүрөттөрүңүздү жана үн жазмаларыңызды ачык интернетке жүктөбөңүз – булар жасалма интеллект аркылуу сиздин банктык аккаунтуңузга кирүү үчүн колдонулушу мүмкүн.
- Жеке маалыматтарды (паспорт, СМС-коддор) эч кимге бербеңиз.
- Маалыматты расмий каналдар аркылуу текшериңиз (өз алдынча тааныш номер боюнча кайра чалыңыз).
- Абдан пайдалуу же укмуш сунуштарга ишенбеңиз – эгер бир нерсе өтө эле жакшы көрүнсө, бул шылуундар болушу мүмкүн.
- Шектүү номерлерди жана аккаунттарды бөгөттөңүз – булар чет өлкөлүк же кыска номерлер болушу мүмкүн.
- Интернеттеги күмөн шилтемелерге кирбеңиз.
– Эмне үчүн банк – акчаны сактоо үчүн эң ишенимдүү жана коопсуз жер?
– Көпчүлүк учурларда банк эсебинен акчанын чыгып кетиши банктын күнөөсүнөн эмес, кардардын өзү шылуундардын тузагына түшүп калганынан улам болот. Банктар жылдар бою кардарларынын каражатын коргоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп келишет.
Мисалы, шылуундук белгилери байкалса, банк эсептерди токтотуп, кардардын каражатын коргоо максатында чара көрөт. Ал эми акчаны үйдө сактоо – чоң тобокелчилик. Алар уурдалып кетиши, өрттөн же суу каптоодон жок болушу мүмкүн. Мындай учурларда акчаны кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес.
Массалык маалымат каражаттарында шылуундар тууралуу көп айтылганы менен, банктар бул сыяктуу чабуулдардын алдын алып, акчаларды сактап калган учурлар тууралуу көп эле айтылбайт.
Шылуундук ыкмалары татаалдашып жатканына карабастан, банк бүгүнкү күндө дагы эле эң коопсуз жер болуп эсептелет. Эң башкысы – кардардын этияттуулугу. Банкка ишениңиз, бирок жеке жоопкерчиликти да унутпаңыз.
– Пайдалуу маалыматтар үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.