Курс USD 84.19 / 84.99
Курс EUR 91.42 / 92.41
Курс RUB 0.947 / 0.975
Курс KZT 0.123 / 0.196
USD USD
84.19 / 84.99
EUR EUR
91.42 / 92.41
RUB RUB
0.947 / 0.975
KZT KZT
0.123 / 0.196

MBANK насыя пайыздык чендерин 19,99% га чейин төмөндөттү

ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK насыя пайыздарынын чени төмөндөгөнү тууралуу жарыялайт. Эми онлайн насыя пайызынын жылдык чени болгону 19,99%.
MBANK насыя пайыздык чендерин 19,99% га чейин төмөндөттү

«MBANK ар дайым өз кардарларына жаңы жана пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулат. Жылдык ченди 19,99%га чейин төмөндөтүү менен биз каржы кызматтарын баарына жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Сиз үчүн ыңгайлуу эң сонун мүмкүнчүлүк – учурдагы насыяңызды жабуу үчүн жаңы насыя алуу менен ай сайынкы төлөмдү минимумга чейин төмөндөтүп, кошумча пайыздардан акчаңызды үнөмдөөгө жол ачылат», - деп банктын акцияларынын пайдалуу шарттарын белгилейт.

MBANKтын насыя артыкчылыктары

  • Ыңгайлуу пайыздык чен: жылдык чен – 19,99%, банктын офистерине баруунун зарылдыгы жок.
  • Онлайн насыя: MBANK тиркемеси аркылуу насыя алуу мүмкүнчүлүгү.
  • Жөнөкөй шарттар: насыяны төлөө мөөнөтү 36 айга чейин, жеке учурларда 60 айга чейин.
  • Ыңгайлуу тейлөө: акча каражаттарын MBANK банкоматтар тармагынан алуу, MBANK тиркемесинин ичиндеги которуулар жана төлөмдөр.

Тез жана ыңгайлуу

Бардык операциялар Онлайн режиминде жүргүзүлөт:

  • Ыкчам тариздөө: 1 мүнөттүн ичинде макулдук берилет;
  • Тез которуу: арыз жактырылгандан кийин акча каражаты 5 мүнөттүн ичинде картага түшөт.

Акция 2024-жылдын 19-июнунан 2-июлуна чейин созулат. Финансы рыногунда насыялоонун эң пайдалуу шарттарын пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

MBANK тиркемеси аркылуу дароо билдирме калтырыңыз. Үйүңүздөн чыкпастан, пайдалуу, ошондой эле ыңгайлуулуктан ырахат алыңыз!

940
2024-07-22T12:34:42+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.