Курс USD 87.29 / 87.78
Курс EUR 102.33 / 103.33
Курс RUB 1.107 / 1.132
Курс KZT 0.138 / 0.182
USD USD
87.29 / 87.78
EUR EUR
102.33 / 103.33
RUB RUB
1.107 / 1.132
KZT KZT
0.138 / 0.182

MBANK кардарларынын коопсуздугун коргоону күчөтөт: алдамчыларга каршы жаңы функция

MBANK коопсуздуктун жаңы функциясын ишке киргизди, ал аркылуу кардарлар өз аккаунттарына кирүүнү толук көзөмөлдөй алышат. Эми сиз башка түзмөктөрдөн MBANKка кирүүгө тыюу сала аласыз — логин жана сырсөз белгилүү болсо да, MBANKка башка телефон аркылуу кирүү мүмкүн болбойт.
MBANK кардарларынын коопсуздугун коргоону күчөтөт: алдамчыларга каршы жаңы функция

Бул функция ишке киргизилгенден кийин, колдонмодо расмий эскертүү пайда болот — ал белгисиз түзмөктөрдөн кирүүнү бөгөттөп, сиздин каражаттардын коопсуздугун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Функцияны кошкондон кийин эмне болот?

  • Кирүү бир гана MBANK орнотулган негизги түзмөктөн гана мүмкүн.
  • Логин жана сыр сөз алдамчыларга белгилүү болсо да — башка түзмөктөн кирүү бөгөттөлөт.
  • Функцияны каалаган убакта колдонмонун жөндөөлөр бөлүмүнөн күйгүзүп же өчүрсө болот.

«Башка түзмөктөн кирүүнү бөгөттөө» функциясын кантип ишке киргизсе болот?

  1. MBANK колдонмосун ачыңыз;

  2. «Дагы» бөлүмүнө өтүңүз;
  3. «Жөндөөлөр» бөлүмүн тандаңыз;
  4. «Коопсуздук» бөлүмүнөн «Башка түзмөктөн кирүү» функциясын ишке киргизиңиз же бөгөттөңүз.

Эгер жаңы телефон алсаңыз же түзмөгүңүз жоголсо

Эгер функцияны ишке киргизген болсоңуз жана сиз жаңы түзмөккө өтсөңүз же телефон жоголсо — 3333 номуруна чалып, байланыш - борборуна кайрылыңыз же жакынкы банк бөлүмүнө барып, жаңы түзмөктөн кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтириңиз.

MBANK: Акчаңызды онлайн коргоонун үч жөнөкөй «болбойт» эрежеси

Санариптик коопсуздук — бул татаал эмес, жөн гана сактык жана бир нече эрежени сактоо. Каражатыңыз коопсуздукта сакталуусу үчүн төмөндөгү үч «болбойт» эрежесин эсиңизге сактап алыңыз:

  1. Болбойт — белгисиз адамдарга акча которууга. Алар канчалык ишенимдүү сүйлөсө дагы жана өздөрүн ким деп тааныштырбасын — сиздин мээнет менен тапкан акчаңыз өзүңүздө калышы керек.
  2. Болбойт — сыр сөздөргө, SMS коддорго жана карта маалыматын бөлүшүүгө. Бул маалымат — сиздин каржыңыздын ачкычы. Эч качан, эч кимге бербеңиз.
  3. Болбойт — шектүү шилтемелерге кирүүгө. Кайсы платформада болбосун, мессенджерлерде, жеке каттарда. Бир баскыч — жана шылуундарга эшик ачылып кетиши мүмкүн.

Эгер бир нерседен күмөн санап жатсаңыз — божомолдобоңуз. Дароо эле MBANKтын онлайн-чаты аркылуу же 3333 номуруна чалып байланышыңыз. Биздин адистер ар дайым жардам берүүгө даяр.

Эң башкысы: MBANKтын чыныгы кызматкери сизден сыр сөз, логин, SMS коддорду сурабайт жана күмөндүү шилтемелерди жөнөтпөйт.

MBANK сиздин коопсуздугуңузга кам көрөт!
КР УБ №014 лицензиясы

5400
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.