Курс USD 86.88 / 87.38
Курс EUR 99.44 / 100.43
Курс RUB 1.057 / 1.089
Курс KZT 0.115 / 0.186
USD USD
86.88 / 87.38
EUR EUR
99.44 / 100.43
RUB RUB
1.057 / 1.089
KZT KZT
0.115 / 0.186

MBANK Кытайга онлайн режиминде акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет

Кытай - бизнес, билим берүү жана жеке байланыштар үчүн негизги багыттардын бири. Ишкерлер товарларды сатып алат, студенттер окуусуна акча төлөшөт, үй-бүлөлөр бири-бирин колдоп турушат.
MBANK Кытайга онлайн режиминде акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет

Бул максатта MBANK Кытайга Thunes эл аралык онлайн которуулар үчүн ыңгайлуу жана тез кызматын сунуштайт. Сизге болгону MBANK колдонмосу керек.

Бул эмне үчүн пайдалуу?

  • Ыкчам которуулар - акча саналуу мүнөттөрдө жетет.
  • Минималдуу комиссия - которуу үчүн 2,5 доллардан баштап.
  • Ийкемдүү багыттар - дебеттик карталарга, ошондой эле колдонуучулардын саны 2 миллиард адамдан ашкан WechatPay жана AliPay сыяктуу эң популярдуу мобилдик капчыктарга которуулар.
  • Түз валюта алмашуу - АКШ долларында жөнөтүп, CNY менен алуу.

Кантип которууну ишке ашыруу керек?

  1. MBANK колдонмосуна кириңиз;
  2. Негизги экранда «Төлөмдөр» бөлүмүн тандаңыз;
  3. «Которуулар» сабынан «Башка өлкөгө» баскычын басыңыз;
  4. Өлкөлөрдүн тизмесинен «Кытайды» тандаңыз;
  5. Которуунун түрүн – картага же мобилдик капчыкка, алуучунун реквизиттерин жана которуунун суммасын көрсөтүңүз;
  6. Которууну ырастаңыз. Даяр!

Кызматтын өнөктөшү - Thunes эл аралык төлөм платформасы, ишенимдүү жана тез эл аралык которууларды камсыз кылат. Thunes которууларынын аркасында сиз MBANK аркылуу дүйнөнүн 160 өлкөсүндө кечиктирбестен жана максималдуу ачык-айкындыкта транзакцияларды жүргүзө аласыз.

MBANK менен Кытайга которуулар - жөнөкөй, ишенимдүү жана жеткиликтүү.

MBANK — Биринчи санарип!

КР УБ № 014 лицензиясы

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.