Курс USD 87.30 / 87.79
Курс EUR 98.64 / 99.64
Курс RUB 1.098 / 1.132
Курс KZT 0.117 / 0.188
USD USD
87.30 / 87.79
EUR EUR
98.64 / 99.64
RUB RUB
1.098 / 1.132
KZT KZT
0.117 / 0.188

MBANK БКЭТ студенттери үчүн каржылык билим алууга жол ачты

2025-жылдын 28-май күнү Бишкек А. Токтоналиев атындагы Бишкек каржы -экономикалык техникумунда (БКЭТ) MBANKтын атындагы атайын аудиториянын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул билим берүү мейкиндиги — банк менен окуу жайдын кызматташуусунун алкагында түзүлгөн биргелешкен долбоор.
MBANK БКЭТ студенттери үчүн каржылык билим алууга жол ачты

Жаңы кабинет — жөн гана аудитория эмес


Жаңы кабинет толугу менен оңдолуп, MBANKтын корпоративдик стилинде жабдылды. Эми бул аудиторияда банк тармагына тереңирээк түшүнүктөрдү берүүчү атайын лекциялар жана практикалык сабактар өткөрүлөт. Мындан тышкары, келечекте MBANKтын топ-менеджерлеринин катышуусунда мастер-класстар, ачык жолугушуулар жана тренингдер болуп турат. Алар студенттер менен чыныгы иш тажрыйбасын жана реалдуу кейстери менен бөлүшмөкчү.

Салтанаттуу ачылыш учурунда MBANKтын Башкармалыгынын Төрагасы Ишенбаев Максатбек Бейшенбекович сөз сүйлөп, банк үчүн билим берүү мекемелери менен кызматташтык — стратегиялык багыттардын бири экенин белгиледи.Иш-чарага ошондой эле банк жетекчилигинен: Башкарманын төрагасынын биринчи орун басары - Суранаев Кайратбек Жумгалбекович, Кадр саясаты боюнча директор, Башкарманын мүчөсү - Огонбаева Кайыргүл Шабдановна катышты. Ошондой эле өз куттуктоолорун айтып : Жапаров Гурас — БКЭТ директору, Жабетова Венера Съездовна — «Банк жана камсыздандыруу иши» бөлүмүнүн башчысы сөз сүйлөштү.

Алар банкка кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришип, узак мөөнөттүү кызматташууга үмүт артарын айтышты.

MBANKтын бул атайын кабинети жаш адистер менен активдүү иш алып баруу боюнча кеңири демилгелердин бир бөлүгү. Учурда банк тарабынан студенттер жана бүтүрүүчүлөр үчүн такшалмалар, билим берүү модулдары жана карьералык багыт программалары ишке ашырылууда.

Эми БКЭТ студенттери банк ишин жөн гана теория жүзүндө эмес, чыныгы процесстерди көрүп, реалдуу кейстерди угуп жана тажрыйбалуу адистерден түз жоопторду алып, практика жүзүндө да терең билим ала алышат.

MBANK – Биринчи санарип!

КРУБ №014 лицензиясы

319
2025-05-29T11:57:58+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.