Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

MBusiness-тин техникалык жаңыртуусу: 31-июльдан 3-августка чейин колдонмо жеткиликсиз болот

MBusiness банктын ички системаларын өркүндөтүп, жаңы техникалык негизге өтөт. Бул жаңыртуу MBusiness-ке тиешелүү болот. Иштер пландуу жана ырааттуу түрдө, 31-июльдан 3-августка чейин жүргүзүлөт. Биз ар бир этапты көзөмөлдөйбүз, ошондуктан жаңыртуудан кийин бардык сервистер туруктуу жана адаттагыдай режимде иштейт.

MBusiness-тин техникалык жаңыртуусу: 31-июльдан 3-августка чейин колдонмо жеткиликсиз болот
Сүрөт: MBANK

Көңүл буруңуз: 1-августтан 3-августка чейин Кыргызстан боюнча банктын кеңселери иштебейт.

MBusiness

31-июльдан баштап MBusiness колдонмосуна жана веб-версиясына кирүү техникалык жаңыртуу мезгилинде жеткиликсиз болот.

31-июлдун саат 16:00гө чейин төмөнкүлөрдү жасап алууну сунуштайбыз:

  • Маанилүү төлөмдөрдү, контрагенттерге которууларды жана кызматкерлерге эмгек акы төлөөлөрдү жүргүзүү;
  • Салыктарды төлөө;
  • Ушул күндөрү керек болушу мүмкүн болгон көчүрмөлөрдү же реквизиттерди сактап коюу;
  • MBusiness колдонуучуларын сервистин убактылуу жеткиликсиз болушу тууралуу эскертүү;
  • Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн колдонмодон статикалык QR-кодду басып чыгаруу;
  • SWIFT боюнча которууларды тариздөө (саат 13:00гө чейин);
  • Кредиттерди төлөө (саат 11:00гө чейин).

Маанилүү: эгерде сиздин пландуу төлөмүңүздүн күнү 1–4-августка туура келсе, аны мурдараак – 31-июльга чейин төлөй аласыз. Эгерде бул ыңгайсыз болсо, кабатырланбаңыз – техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин, 5-августтун саат 16:00гө чейин төлөм жасаңыз. Бул учурда кредиттик тарыхыңызга зыян тийбейт жана пеня эсептелбейт.

MKassa

POS-терминалдар жана QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу адаттагыдай режимде иштейт. MKassa колдонмосу жана веб-версиясы да иштей берет: сиз транзакциялардын тарыхын реалдуу убакытта карап тура аласыз.

31-июльдан баштап төмөнкүлөр жеткиликсиз болот:

  • Каражаттарды эсептерге чыгаруу;
  • Толук көчүрмөнү (выписка) жүктөп алуу;
  • Жеткиликтүү суммаңызды көрүү.

Техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин MBusiness-тин иши толугу менен калыбына келтирилет. Бардык сервистер кайрадан адаттагыдай режимде жеткиликтүү болот. Ишенимиңиз үчүн рахмат!

Важно: Материал опубликован на правах рекламы.
Содержание полностью сформировано заказчиком и может не отражать позицию редакции Banks.kg. Информация предоставлена в ознакомительных целях. Ответственность за достоверность информации в рекламных статьях полностью лежит на рекламодателях.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.