КРнын санкцияларды сактоо чаралары: президенттин администрациясында «Соода компаниясы» жана «Капитал Банктын» ишмердүүлүгүн талкуулашты

Бул тууралуу КРнын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын Кыргызстандагы элчиси АКШнын, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын кыйгап өткөн учурда Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн субъекттери үчүн тобокелдиктер жөнүндө маалымдады.
КРнын министрлер кабинети маалымдагандай, Кыргызстан өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык санкциялык режимди сактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатат, ошондой эле АКШнын, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын айланып өтүүгө жол бербөө боюнча өлкөнүн финансылык рыногунун жана тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн катышуучулары менен ыкчам иш алып барууда.
«Алсак, Кыргыз Республикасына товарларды алып келүүнү болжолдобогон соода жана финансылык операцияларды системалаштыруу жана мониторинг жасоо максатында, ошондой эле санкцияларды жана мыйзамсыз төлөмдөрдү айланып өтүү коркунучун төмөндөтүү үчүн 2024-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын соода компаниясы» ААК (мындан ары-Соода компаниясы) түзүлгөн», - деп жазылат маалыматта.
Ар бир өтүнмө көп этаптуу текшерүүдөн өтөт, анын ичинде ТНВЭД коддорун талдоо жана коммерциялык банктардагы комплаенс-текшерүү бар. Өтүнмөдө санкциялык товарлар табылган учурда Соода компаниясы санкциялык товардык топтор боюнча мындай төлөмдү жүргүзүү мүмкүн эместиги жөнүндө кабарлоо менен бул өтүнмөнү четке кагат.
«2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын майына чейин санкциялык тобокелдиктерди аныктоого байланыштуу 50дөн ашык билдирме четке кагылган, бул Соода компаниясынын ишинин уставдык максаттарга жана милдеттерге, анын ичинде банк чөйрөсүндө финансылык агымдардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча максаттарына ылайык келишин көрсөтөт. Соода компаниясынын ишмердүүлүгү финансылык агымдарды классификациялоого жана Кыргыз Республикасы аркылуу санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн тоскоолдук жаратууга мүмкүндүк берди», - деп билдиришти МинКабдан.
«Борбордук Азиянын Капитал Банкы» ААК (мындан ары – «Капитал Банк») коммерциялык банк болуп саналат, анын акцияларынын 100% КРнын Финансы министрлигине таандык. «Капитал Банк» кирешелерди адалдоого жана мыйзамсыз иштерди каржылоого (комплаенс) каршы аракеттенүү жана АКШнын, ЕБ жана Улуу Британиянын санкциялык талаптарын сактоо боюнча чараларды кошо алганда, өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык катуу талап менен иштейт.
«Капитал Банк» жыл сайын финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсү боюнча GrantThornton тарабынан эл аралык аудитордук тармактан көз карандысыз аудитордук текшерүүдөн өтөт.
КРнын резиденттери менен резидент эместеринин экинчи санкцияларына түшүп калуу тобокелдигине жол бербөө үчүн «Капитал Банк» 2023-жылдан тартып санкциялык банктар менен бардык финансылык операцияларды токтоткон.
Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы №141-р тескемесине ылайык, «Капитал Банк» россиялык рубль менен операцияларды жүргүзүүдө финансылык системанын туруктуулугун жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында КРнын аймагында россиялык рубль менен операцияларды жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорго катышуу үчүн эсептешүү банкы тарабынан аныкталган.
«Капитал банкка» россиялык рубль менен операцияларды жүргүзүү үчүн эсептешүү мекемеси макамын бергенден кийин КРнын Финансы министрлиги санкцияларга кабылган чет өлкөлүк каржы мекемелери менен өз ара аракеттенүүнүн бардык формаларын толугу менен токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган чаралар тышкы соода ишиндеги финансылык операцияларды контролдоону жана мониторингин күчөтүүгө, алардын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана финансылык туруктуулук жаатында эл аралык стандарттарга ылайык келүүгө багытталган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.