Кыргызстанда МФУдарды реформалоо: апрелден баштап эмне өзгөрөт?

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кире турган микрофинансылык уюмдарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга негизги өзгөртүүлөрдү бекитти. Реформа рыноктун туруктуулугун жогорулатууга жана аны эл аралык тажрыйбага шайкеш келтирүүгө багытталган.

Кыргызстанда МФУдарды реформалоо: апрелден баштап эмне өзгөрөт?
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын микрокаржылык рыногу туруктуу өсүү жолун көрсөтүүдө. МФУлардын кеңейишинин фонунда каржылоо булактарын диверсификациялоо маселеси биринчи планга чыгат: субординацияланган карыз жана түз инвестицияларды тартуудан өзүбүздүн карыздык баалуу кагаздарды чыгарууга жана кредиттерди башкарууга чейин.

КРнын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды, бул токтом төмөнкү бөлүктөргө өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кабыл алынды: 

  • микрофинансылык уюмдардын ишин, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерине; 
  • МФУнун мезгил-мезгили менен берилүүчүрегулятивдик отчетунун формаларына;
  • кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине.  

КРнын Улуттук банкы микрофинансылык уюмдарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди: капиталга жана отчеттуулукка жаңы талаптар, дивиденддерге көзөмөлдү күчөтүү, кредит берүүгө өзгөртүүлөр жана жеке стандарттарды белгилөө.

КРнын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилет: 

  • 2003-жылдын 19-февралындагы «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»;
  • 2009-жылдын 27-майындагы «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчүрегулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу»; 
  • 2014-жылдын 30-майындагы «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуучу эрежелерин» бекитүү тууралуу»;  
  • 2014-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө»;  
  • 2024-жылдын 28-февралындагы «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу». 

Жаңы талаптар төмөнкүлөргө тиешелүү:

  • капиталдын шайкештиги;
  • карыз алуунун ачыктыгы;
  • дивиденддерди төлөө тартиби;
  • карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу;
  • максималдуу инвестиция көлөмү.

Жөнгө салуучу микрофинансылык компаниялар үчүн мезгилдүү отчеттуулуктун формаларын жаңылады. Өзгөртүүлөрдүн негизги максаты - отчеттуулукту капиталга жаңы талаптар менен шайкеш келтирүү жана карыз алуунун ачыктыгын жогорулатуу.

Улуттук банк микрокредиттик компанияларга ким акча бергендигин жана алар элге кандай шарттарда насыя берип жатканына көзөмөлдү күчөтөт.

Токтом 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемени басып таанышыңыз. 

Эске салсак, 2025-жылдын ноябрь айында Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.