Документ «Эркин Тоо» гезитине жарыяланды.
Эми аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайсы аймакта кызмат өтөп жатканына карабастан ипотекалык программага катышууга арыз бере алышат. Негизги шарт - бардык талаптарга жооп берүү жана арыз берүү тартибин сактоо.
Жаңы өзгөртүүлөр программаны аскер кызматкерлери жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү кылууну көздөйт.
Жарлык расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн соң күчүнө кирет.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын сентябрында министрлер кабинети аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык насыяларды төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу жобону бекиткен.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.