8 697 сом жашоо минимуму эмнеге жетет: Статкомдон түшүндүрмө

Улуттук статистика комитети 2025-жыл үчүн жашоо минимумунун өлчөмү тууралуу маалыматтарды сунуштады.

8 697 сом жашоо минимуму эмнеге жетет: Статкомдон түшүндүрмө
Иллюстрациялык сүрөт

Документке ылайык, орточо эсеп менен алганда калктын жан башына жашоо минимуму айына 8 697,32 сомду түздү.   

Жашоо минимуму социалдык топтор боюнча: 

  • эмгекке жөндөмдүү калк - 9 738,29 сом;
  • эркектер үчүн — 9 983,49 сом;
  • аялдар үчүн — 9 694,40 сом;
  • пенсионерлер үчүн — 7 699,36 сом;
  • балдар үчүн — 7 379,07 сомду түздү.

Жашоо минимумунун түзүмү

Чыгымдардын жалпы түзүмүндө эң чоң үлүштү төмөнкүлөр ээлейт:

  • азык-түлүк товарлары — 5 653,26 сом;
  • кызмат көрсөтүүлөр — 1 478,54 сом;
  • азык-түлүк эмес товарлар — 1 391,57 сом;
  • салыктар жана жыйымдар — 173,95 сом.

Аймактар боюнча маалымат

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эң жогорку минимум эки шаарда белгиленип, 9 000  сомдон ашкан. Региондор боюнча жашоо минимуму (жан башына орточо):

  • Баткен облусу — 8 226,8 сом;
  • Жалал-Абад облусу — 8 981,21 сом;
  • Ысык-Көл облусу — 7 908,1 сом;
  • Нарын облусу — 8 462,9 сом;
  • Ош облусу — 7 960,28 сом;
  • Талас облусу — 8 150,95 сом;
  • Чүй облусу — 8 796,98 сом;
  • Бишкек шаары — 9 216,26 сом;
  • Ош шаары — 9 093,97 сом.

Көрсөткүчтөр орточо бир айга эсептелген жана адамдын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон товарларды жана кызматтарды керектөөнүн минималдуу деңгээлин чагылдырат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.