Кыргызстандын банктары жүгүртүүнү көбөйтүп, бирок кирешелерин жоготту

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында 21 коммерциялык банк, ошондой эле алардын 310 филиалы аймактарда иштеген.

Кыргызстандын банктары жүгүртүүнү көбөйтүп, бирок кирешелерин жоготту
Иллюстрациялык сүрөт

Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат. 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу коммерциялык банктардын кирешеси 20,9%га (18 млрд 254,5 млн сомго) көбөйүп, 105 млрд 403,3 млн сомду түздү. Өсүү биринчи кезекте кардарлардын кредиттери боюнча пайыздык кирешенин 15 млрд 132,2 млн сомго жана комиссиялык кирешенин 5 млрд 43,2 млн сомго көбөйүшү менен шартталган. Бирок валюталык операциялардан түшкөн кирешенин 3 миллиард 181,6 миллион сомго азайышы катталган.

Отчеттук мезгилде банк секторунун чыгашалары 20 миллиард 115,4 миллион сомго өсүп, 80 миллиард 63,7 миллион сомго жеткен.

Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча 19 коммерциялык банк пайда көрсөтсө, эки банк чыгымга учураган. Таза финансылык натыйжа 25 млрд 408,1 млн сомду түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га (же 1 млрд 750,8 млн сомго) азайган.

Калктын аманаттары 

Жыл башынан бери банктар элден депозиттик эсептерге 56 миллиард 1,4 миллион сом (чыгарууларды кошкондо) тартылган. 1-октябрга карата чекене депозиттердин калдыгы 329 миллиард 855,2 миллион сомго жетип, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 34,6%га өстү.

Улуттук валютадагы депозиттер аманаттардын жалпы көлөмүнүн 59,4%ын түздү.

Жеке адамдардын депозиттик эсептеринин саны сентябрь айынын акырына карата 17,9 миллионго жетти, бул бир жыл мурункуга караганда 33%га (4,4 миллион эсеп) көп.

Экономиканы насыялоо

1-октябрга карата банктардын ачык кредит портфели 461 миллиард 63,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 160 миллиард 327,1 миллион сомго же 1,5 эсеге көбөйгөн. Кредиттердин басымдуу бөлүгү – 82,2% улуттук валютада берилген.

Кредиттик портфелдин эң чоң үлүшүн төмөндөгүлөр түзгөн:

  • керектөө максаттары – 35,8%;
  • чекене соода – 23,7%;
  • ипотека – 11%;
  • айыл чарбасы – 10,8%.

Узак мөөнөттүү кредиттердин үлүшү 87,4%ды, ал эми кыска мөөнөттүү кредиттер 12,6%ды түздү. Негизги карыз алуучулар болуп Бишкек шаары (жалпы кредиттердин 52%) жана Жалал-Абад облусу (10,1%) саналууда.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.