Курс USD 86.52 / 87.02
Курс EUR 93.24 / 94.22
Курс RUB 1.006 / 1.041
Курс KZT 0.119 / 0.190
USD USD
86.52 / 87.02
EUR EUR
93.24 / 94.22
RUB RUB
1.006 / 1.041
KZT KZT
0.119 / 0.190

Бишкектеги каракчылык окуясы боюнча кошумча маалымат

2024-жылдын 11-декабрь күнү саат 16:50 убакытта Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан белгисиз төрт адам банктан 31 264 000 рубль акча каражатын алып жумушка бара жаткан 2004-жылы туулган А. М. жана 1996-жылы туулган Б. Н. аттуу жарандарга каракчылык кылып сол салган.
Бишкектеги каракчылык окуясы боюнча кошумча маалымат

Кол салгандар жабырлануучуларга карата күч колдонуп, денесине залал келтирип, акча каражаттары салынган рюкзакты тартып алышып, кылмыш болгон жерден башка номер коюлган Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. 

Жабырлануучулардын колдору жана бетинен кесилген жаракаттары болуп, ооруканага жеткирилип, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү. 

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен кылмыш иши козголду. 

Тергөө учурунда каракчылык кылган 4 жаран, окуя болгон жерден качып кетишкен Ford Focus автоунаасын Чуйков көчөсүндө тыштап, чет элдик номери тагылган Lada үлгүсүндөгү автоунаага түшүп кеткени такталды. 

Бул окуя ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынып, кылмыш жасаган адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган бардык тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото: РосСМИ

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.