Курс USD 88.63 / 89.48
Курс EUR 94.98 / 95.98
Курс RUB 0.949 / 0.976
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.63 / 89.48
EUR EUR
94.98 / 95.98
RUB RUB
0.949 / 0.976
KZT KZT
0.137 / 0.206

Юстиция министрлигинде санариптик системалар презентацияланды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу «Электрондук нотариат 2.0» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы күжүрмөн режиминде иштей баштагандыгын билдирет.
Юстиция министрлигинде санариптик системалар презентацияланды

Бул иш-чарага юстиция министри Аяз Баетов, КР Администрациясынын президентинин санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Буржуев, КР Корея Республикасынын өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ мырза жана Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Марк Боуман мырза катышты.

Эл аралык өнөктөштөргө министрликтин жаңы реформалары жана санариптик багыттагы жетишкендиктери жөнүндө маалымат берилди.

2024-жылдын 1-февралынан тартып «Электрондук нотариат 2.0» АМС күжүрмөн режинде ишке киргизилген.

Модернизациялоонун алкагында жокко чыгарылган ишеним каттардын ачык реестри, идентификациялоонун бирдиктүү системасы, «Жарандын жеке кабинети» модулу аркылуу, кызматкерлерди (администраторлорду) авторизациялоо жүргүзүлөт. Анда эки факторлуу аутентификация: нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр жана биометрикалык идентификациялоо (манжалардын издери) алуу үчүн кайрылган арыз ээлерин жана нотариустарды фото-фиксациялоо менен колдонуучуларды верификациялоо жана аутентификациялоо болжолдонууда.

Нотариалдык иш аракеттерди аралыктан жасоо үчүн арыз ээсинин булуттук электрондук кол тамгасы аркылуу жеке кабинети түзүлөт. Эки же андан көп нотариустардын катышуусу менен онлайн бүтүмдөрдү күбөлөндүрүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 33 буйругуна ылайык, 2024-жылдын 28-февралынан тартып «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо» АМС күжүрмөн режимде ишке киргизилген.

Эми юридикалык жактарды каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоону электрондук формада жүргүзүүгө мүмкүн. Бул үчүн арыз ээси маалыматтык системада документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген булутка негизделген электрондук кол тамгага ээ болушу зарыл. Документтер каттоочу органга кагаз алып жүрүүчүнүн электрондук форматы түрүндө берилет.

Мындан тышкары, юстициянын аймактык бөлүмдөрүндө юридикалык жактарды каттоого, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоого мамлекеттик алымды төлөө үчүн QR-код аркылуу «О! Деньги» жана МBANK электрондук капчыгы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди. 

Ошондой эле юридикалык жактарды каттоо системасын реформалоо максатында салык режимин тандоо, ошондой эле камсыздандыруу тарифинин тандоо Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин тарабынан жүргүзүлөт.