Эмгек министрлиги өспүрүмдөр жайында канча саат иштесе болорун эскертти

Эмгек кодексине ылайык, эмгек ишмердүүлүгүнө 16 жашка толгондор киргизилет. Айрым учурларда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болгондо — 15 жаштан баштап өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууга болот.
Ошондой эле ата-энесинин биринин (камкорчу) же камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органынын милдеттүү түрдө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен 14 жаштан жогорку окуучулар менен эмгек келишимин түзүүгө жол берилет. Мындай өспүрүмдөр бош убактысында гана ден соолукка зыяны жок, окуу процессине тоскоол болбогон жеңил жумуштарды аткара алышат.
Өспүрүмдөр үчүн жумуш күнүнүн узактыгы:
- 14-16 жаш - күнүнө 5 сааттан ашык эмес;
- 16-18 жаш - күнүнө 7 сааттан ашык эмес.
Эгерде өспүрүм жумуш менен окууну айкалыштырса:
- 14-16 жаш - күнүнө 2,5 сааттан ашык эмес;
- 16-18 жаш - күнүнө 3,5 сааттан ашык эмес.
Министрлик Кыргызстанда балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынарын баса белгилейт. Жашы жете электерди жумушка алууда иш берүүчүлөр эмгек мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого милдеттүү.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.