Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Батыштын санкцияларынын коркунучунан улам Юстиция министрлиги 50 компанияны жапты

КР Юстиция министрлиги тарабынан биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.

Батыштын санкцияларынын коркунучунан улам Юстиция министрлиги 50 компанияны жапты
Фото: www

Бул чара «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» жаңы Мекемелер аралык буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Компаниялардын тизмеси КР Экономика жана коммерция министрлиги жана санкциялык режимдин алкагында чектөөлөрдөн качуу фактылары боюнча маалыматты караган башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген.

Улуттук экономиканы коргоо жана Кыргыз Республикасы үчүн батыш өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон экинчи санкциялык чараларынын терс кесепеттерине жол бербөө максатында, КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин алкагында юридикалык жактардын ишин тиешелүү сунуштун негизинде токтотуунун жөнөкөйлөтүлгөн механизмин колдонууга мүмкүндүк берүүчү «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» Мекемелер аралык буйругун кошо алганда, бир катар контролдоо механизмдери кабыл алынды.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.