Алгачкы төлөмсүз ипотека - биз менен бул реалдуу жана жөнөкөй!
Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда Бишкек шаарынын тургуну баштапкы төлөмү жок үч бөлмөлүү батирдин ээси болду. Көптөн бери кылдынган турак-жайды сатып алуу «Келечек» жаңы ипотекалык продукт аркылуу мүмкүн болду.

«Келечек» атту кепилдикти «Кепилдик фонд» ААКсы болгону бир ай мурун ишке киргизген.
2,2 млн сом өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү камсыздоо боюнча берилген кепилдик Бишкектин тургунуна жогоруда аталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн «Айыл Банк» ААКсынан 10 жылдык мөөнөткө 7 млн сом өлчөмүндө ипотекалык насыя алуууга мүмкүндүк берди.
Ипотекалык турак жайды баштапкы төлөмсүз сатып алуу мүмкүнчүлүгү дээрлик бардык жеке жактарга - үзгүлтүксүз жалпы иш стажы бар же 12 айдан кем эмес ишкердик иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жарандарында жеткиликтүү.
Кошумча маалымат үчүн +996556625379, +996554177105 же шилтеме менен өтүңүз: https://gf.kg/kelechek/.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.