Мыйзам долбоору көп балалуу энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүүгө жана алардын социалдык корголуу деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Учурда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге пенсиясына ай сайын 1 000 сом өлчөмүндө кошумча төлөм берилет. Бул сумма 2011-жылдан бери өзгөртүлгөн эмес.
Депутаттар белгилегендей, бул убакыт аралыгында азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баалар өскөн. Ошондуктан азыркы төлөм өзүнүн колдоо функциясын толук аткара албай калган.
Мыйзам долбооруна ылайык, кошумча төлөмдү айына 5 000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.
Пенсияга кошумча төлөмдү көбөйтүүгө бюджеттен жыл сайын 1 млрд 662 млн сом талап кылат.
Демилгенин авторлорунун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Баатыр эне» орденине татыган 34 миңге жакын эне жашайт. Кеп жети жана андан көп баланы тарбиялап өстүргөн аялдар жөнүндө болуп жатат.
Мыйзам долбоорунун авторлору төлөмдүн көбөйтүлүшү көп балалуу энелерге кошумча колдоо көрсөтөрүн белгилешти.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.