Финансылык жөнгө салуучу органдын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 10-мартта:
- 36 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган;
- 104 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган.
Улуттук банк бул жылы 3 интервенция жүргүздү:
- 2026-жылдагы биринчи интервенциясын Улуттук банк 19-январда жүргүзүп, 134 миллион АКШ долларын саткан.
- Экинчи интервенция учурунда жалпысынан 109,95 миллион АКШ доллары сатылган.
- Үчүнчү интервенция эң ири болду - Улуттук банк 162,55 млн долларды ишке ашырды.

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк сегиз интервенция боюнча 853 миллион долларды ишке ашырган. Былтыр тескери интервенциялар болгон жок.
2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.