Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

ВАУАнын Башчысы жана ROX Group компаниясынын негиздөөчүсү кызматташтыктын келечегин талкуулашты

2026-жылдын 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) Башчысы Фархат Иминов Вьетнамдын ири ROX Group компаниясынын негиздөөчүсү Чан Ань Туан менен жолугушту.

ВАУАнын Башчысы жана ROX Group компаниясынын негиздөөчүсү кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Жолугушуунун жүрүшүндө Фархат Иминов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин түзүлүшү тууралуу маалымат берди. Ал жаңы органдын максаттары менен милдеттерине кеңири токтолуп, ВАУА виртуалдык активдер рыногун мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу системасын калыптандыруу, тармактын өнүгүшү үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу шарттарды камсыз кылуу максатында түзүлгөнүн белгиледи. 

Инновациялык технологияларды киргизүү жана блокчейн-экосистеманы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, эл аралык өнөктөштөр менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруу жана улуттук жөнгө салуунун эл аралык стандарттарга ылайык келишин камсыз кылуу ВАУАнын приоритеттүү иш багыттары катары аныкталды.

Өз кезегинде Чан Ань Туан Кыргыз Республикасында мыйзам базасынын болушу виртуалдык активдер рыногунун өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү деп белгиледи. Анын сөзүнө карай, бул тармактын өнүгүү динамикасы ROX Group үчүн кызыгуу жаратат, ал эми Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы Вьетнамда виртуалдык активдер рыногун калыптандырууда жана өнүктүрүүдө пайдалуу болушу мүмкүн.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасындагы ROX Group инвестициялык долбоорлорунун аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Бул долбоорлор кайра жаралуучу энергия жана турак жай курулушу тармактарын камтыйт.

Жолугушуунун аягында Фархат Иминов корпорациянын жаңыланма энергия булактары секторуна салынган инвестициялары Кыргыз Республикасынын энергетикалык потенциалын бекемдөөгө салым кошоруна ишеним билдирди. Ал ошондой эле ROX Group ишке ашырып жаткан долбоорлор технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде реалдуу активдерди токенизациялоо (RWA) боюнча долбоорлорду жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Nava расмий баракчалары:

  • Telegram: @ncdvakg
  • Instagram: @nava.gov.kg
  • X: @NAVA_KG
  • Facebook: https://www.facebook.com/nava.gov.kg/

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.