Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк алмашуу бюролорун жана микрофинансылык уюмдарды лицензиялоо эрежелерине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди

Улуттук банк башкармасы каржы уюмдарын лицензиялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди. Жаңы эрежелер алмашуу бюролорун жана МФКларды өздөрүнүн акыркы бенефициарларын ачыкка чыгарууну жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы эл аралык стандарттарга ылайык, капиталынын мыйзамдуулугун далилдөөнү талап кылат.

Улуттук банк алмашуу бюролорун жана микрофинансылык уюмдарды лицензиялоо эрежелерине олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизди
Сүрөт: Интернеттен алынды

КРнын Улуттук банк башкармасынын 2026-жылдын 13-майындагы токтому менен КР УБ ченемдик укуктук актыларына алмашуу бюролорун жана микрофинансылык уюмдарды лицензиялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөр киргизилди. 

Документ төмөнкүгө багытталган:

  • эл аралык стандарттарга жана Терроризмди каржылоого жана акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана аларды жайылтуу боюнча топтун (FATF) сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы уюмдарга талаптарды күчөтүүгө;
  • микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды МФКга кайра өзгөртүп түзүү жана мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартууга лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу мөөнөттөрүнө талаптарды кайра карап чыгуу эске алынган.  

Алмашуу бюросу

КРнын Улуттук банк башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жобонун 1-пунктунун: 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалды

«Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттары» - бул юридикалык жактын бюджетке салык төлөөдөн бошотулган өздүк акча каражаттары, ал алмашуу бюросуна нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн бөлүнүп берилет. Бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленет.»; 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалды

«Лицензиаттын бенефициардык ээси» деген аныктаманы «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» КРнын мыйзамында каралган мааниде түшүнүү зарыл».

25-пункту төмөнкү редакцияда баяндалды: 

«Уюштуруучунун алмашуусу жана юридикалык жактын катышуучуларынын курамынын өзгөрүшү Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш».

Улуттук банк менен макулдашуу үчүн лицензиат КРнын ыйгарым укуктуу органында кайра каттоодон өтүү жол-жобосунан өткөнгө чейин жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет: 

  • уюштуруучунун/катышуучунун курамын өзгөртүүнү макулдашуу жөнүндө өтүнүчтү; 
  • катышуучунун чечиминин (бир катышуучу болсо) же катышуучулардын (бирден ашык катышуучу болсо) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу жалпы жыйынында толтурулган протоколдун лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
  • Улуттук банктын алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммаларга ылайык, улуттук валютадагы жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган документтерди берүү күнүнө чейин 14 календардык күн гана мурда берилген документтер; 
  • алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты;
  • юридикалык жак-өтүнүч ээсинин потенциалдуу уюштуруучусунун (уюштуруучуларынын)/катышуучусунун (катышуучуларынын) паспортунун (паспортторунун) көчүрмөсү;
  • өзгөртүүлөр киргизилген, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин долбоору. 

төмөнкү мазмундагы 25-2-пункт менен толукталсын: 

«Алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы 1 миллион сомго же андан ашык өлчөмгө көбөйтүлгөндө, лицензиат 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө тийиш: 

  • билдирүү;
  • юридикалык жак-өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу башкаруу органынын алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү жөнүндө чечими; 
  • өтүнүч ээсинин (юридикалык жак) коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада жүгүртүү акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктан маалым кат (маалым кат документтер берилген күнгө чейин 14 календардык күндөн эрте эмес берилүүгө тийиш);
  • алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты. 

Жүгүртүү каражаттарынын суммасы 1 миллион сомго же андан ашык өлчөмгө азайганда лицензиат 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка билдирүү жөнөтүүгө тийиш, мында алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасы Улуттук банктын алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген суммадан төмөн болбоого тийиш»; 

26 жана 27-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Алмашуу бюросунун ишине катышкан жаңы кызматкерлерди ишке тартууда лицензиат 3 жумуш күнү ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча окуудан өткөндүгү тууралуу документти берүү менен бирге (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо эрежелеринин сакталышы үчүн жооптуу кызматкер алмашкан учурда) бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш.  

Өз жетекчиси (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле алмашуу бюросунун жетекчиси алмашкан шартта, лицензиат бул тууралуу Улуттук банкка 3 жумуш күнү ичинде кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

38-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Өзүнчө жайгашкан имаратты ижарага алышкан же ээлешкен алмашуу бюролорунун жайларынын, өзүнчө эшиги менен эл жашабаган имараттарды же батирди ижарага алган жайларында төмөнкүлөр болушу керек: 

  • касса терезелеринде темир тор же брондолгон айнек (коргоо классын тастыктаган жана сапат стандарттарына ылайык келген документтерди тиркөө менен); 
  • терезелерде металл торлор; 
  • имаратка кирүү эшиги металлдан жасалган; 
  • металл торчолор же металл менен капталган дубалдар (эгерде убактылуу же капиталдык эмес кошумча курулуштун дубалдары жеңил каркас конструкциясында жасалган болсо); 
  • кардарлар менен накталай акча каражаттарын алмашуу боюнча операциялардын жазылышын жана маалыматтардын 1 айдан кем эмес сакталышын камсыз кылган видеобайкоо системасы. 

Алмашуу бюролорунун жайларында кардарларды тейлөө касса терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

40-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Алмашуу бюросунун кассалык жайында жумушка кабыл алгандыгы тууралуу билдирүү Улуттук банкка жөнөтүлгөн алмашуу бюросунун жетекчиси жана кызматкерлери гана болушу мүмкүн, башка адамдардын кирүүсүнө жол берилбейт. Алмашуу бюросунун кызматкерлеринин өздүк акчалары жана башка буюмдары касса жайынан тышкары жайгашкан өзүнчө бөлмөдө сакталуусу зарыл». 

Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан сунушталуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары камтылган документтердин болжолдуу тизмеги: 

юридикалык жактар: 

  • Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын, киреше жана чыгаша боюнча отчеттордун көчүрмөлөрү же;
  • өтүнүч ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчёттун, декларациянын же анын финансылык абалы тууралуу башка документтердин көчүрмөлөрү;
  • аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамда белгиленген болсо); 

жеке адамдар: 

  • маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча каражаттарды, мүлктү ж.б. мурастап алуу укуктары; 

Микрокаржылык сектор

Финансылык жөнгө салуучу орган ошондой эле микрокаржы секторундагы капиталдын ачык-айкындуулугуна катуу талаптарды киргизди. Эми микрокредиттик компаниялар жана микрокаржы компаниялары акыркы бенефициардык ээлерине чейинки менчик ээлеринин бүткүл чынжырын ачып берүүгө милдеттүү.

Уставдык капиталга үлүш кошкондо же сатып алганда, каражаттын мыйзамдуу булагын документ жүзүндө тастыктоо зарыл. Компаниялардын ээлеринин экономикалык кылмыштар боюнча соттолгондугу же финансылык ишмердүүлүккө сот тарабынан тыюу салынгандыгы болбошу керек.

Ошол эле учурда жөнгө салуучу орган депозиттик лицензияларды алуу үчүн талап кылынган убакытты 12 айга чейин кыскартуу менен микрофинансы секторуна жеңилдиктерди жасады. МФКга айландыруу же депозиттерди кабыл алуу укугун алуу үчүн, анын ичинде ислам мударабасынын принциптери боюнча, МККлар, МКАлар жана КСдар мурунку эки жылдын ордуна 12 ай гана ийгиликтүү иштеши керек.

Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга мүмкүн.  

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.