Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн 170,2 млн доллар сатты

Бул 2026-жылдын жетинчи интервенциясы. Улуттук банктын быйылкы жылы валюталык интервенцияларынын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты.

Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн 170,2 млн доллар сатты
Иллюстрациялык сүрөт

КРнын Улуттук банкы «КРнын УБнын валюта рыногундагы операциялары» бөлүмүндө төмөндөгүлөрдү билдирди:

  • 76,7 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды;
  • 93,5 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылды.

Буга чейин финансылык жөнгө салуучу орган 6 интервенция жасады:

2026-жылдын башынан бери КРнын Улуттук банкынын валюталык интервенцияларынын жалпы көлөмү 1 миллиард 63 миллион 65 миң АКШ долларын түздү.

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Адатта, финансылык жөнгө салуучу орган валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү жумшартуу же чет элдик валютага болгон тартыштыкты жоюу үчүн доллар сатат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.