Улуттук банк казак теңгеси менен операцияларга коюлган убактылуу чектөөнү узартты

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын 15-сентябрына чейин коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу токтотуу чечимин узартууну кабыл алды.

Улуттук банк казак теңгеси менен операцияларга коюлган убактылуу чектөөнү узартты
Сүрөт: DEPOSITPHOTOS

Улуттук банктан билдиришкендей, 2026-жылдын 18-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомунун аракетин токтотуп туруу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө токтому менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды: 

2026-жылдын 15-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы «КРнын комбанктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу чечимин узартууну кабыл алды.  

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын сентябрь айында КРнын Улуттук банкы казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүгө убактылуу чектөөлөрдү 2026-жылдын 15-мартына чейин узарткан. Республиканын коммерциялык банктары, алмашуу бюролору, МФК жана МККлары мурда киргизилген убактылуу тартиптин алкагында иштешет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.