Кыргызстандын Улуттук банкы накталай рубль менен жүргүзүлгөн операцияларга көзөмөлдү күчөтөт

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 4-мартта «Накталай чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү боюнча айрым маселелер жөнүндө» токтому кабыл алынды. Жаңы эреже банк системасынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Кыргызстандын Улуттук банкы накталай рубль менен жүргүзүлгөн операцияларга көзөмөлдү күчөтөт
Иллюстрациялык сүрөт

Финансылык жөнгө салуучу органдын токтому Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын төмөнкүлөргө милдеттендирет:

  • накталай чет өлкө валютасы (орус рубли) менен операцияларды жүргүзүүдө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышына контролду күчөтсүн; 
  • күн сайын, отчеттук күндөн кийинки күнү саат 11:00дөн кечиктирбестен Улуттук банкка банк кардарларынын бир операциялык күн ичинде 5 млн орус рубли менен ишке ашырылган операциялары боюнча маалыматты токтомго тиркелген формага ылайык беришсин. 

Документ Кыргызстандын банк секторунда накталай чет өлкө валютасы менен операцияларга мониторингди күчөтүү максатында кабыл алынган. 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2027-жылдын 1- мартына чейин колдонулат. 

Документ менен толук түрдө бул шилтемени басып тааныша аласыз. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.