Анын айтымында, ички валюта рыногу туруктуу бойдон калууда, ал эми алмашуу курстарынын ийкемдүүлүгү рынок шартына ылайык сакталууда.
«Ушул жылдын башынан бери алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу максатында Улуттук банк жалпы суммасы 590,5 млн долларды түзгөн алты интервенция өткөрдү. Бирок бул интервенциялар менен катар октябрдын аягына карата эл аралык резервдердин көлөмү өсүүнү улантып, 7,96 млрд долларга жеткенин белгилей кетүү керек», - деп билдирди Козубеков.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары белгилегендей, Улуттук банк мындан ары да баалардын жана каржы рыногунун туруктуулугун камсыздоого багытталган акча-кредит саясатын карманат.
Быйылкы интервенциянын тизмеси:
- Биринчи интервенциясын КРнын Улуттук банкы 13-январда ишке ашырып, келишимлин суммасы 79 миллион АКШ долларын түзгөн.
- Экинчи интервенция 158,3 миллион АКШ долларын түзүп, 29-апрелде болгон.
- Үчүнчү интервенция 26-майда болуп өттү. Анда Улуттук банк валюта рыногунда 59,8 миллион доллар сатты.
- Төртүнчү – 15-сентябрь күнү. Интервенциянын көлөмү 81, 5 млн АК4Ш долларын түзгөн.
- Бешинчи – 1-октябрь күнү. Улуттук банк валюта рыногуна 38 млн АКШ доллар сатты.
- Алтынчы – 11-ноябрда. Анда 173,9 млн доллар сатылган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.