Улуттук банк жаңы исламдык инвестициялык «Вакала биль-истиcмар» инструментин ишке киргизди

КРнын Улуттук банкы «Вакала биль-истисмар» келишимин банктар жана банктык эмес каржылык уюмдар үчүн шариаттык инвестициялоо инструменти катары пайдалануу, жоопкерчилик жана көзөмөл эрежелерин кенен тактады.

Улуттук банк жаңы исламдык инвестициялык «Вакала биль-истиcмар» инструментин ишке киргизди
Cүрөт: Интернеттен алынды

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 8-октябрында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул токтомдун максаты болуп, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына, күбөлүгүнө ээ банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан колдонулшу мүмкүн болгон ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдердин тизмегин кеңейтүү саналат.  

Улуттук банктын токтому менен ченемдик укуктук актыларга жаңы исламдык каржы инструменти – «Вакала биль-истисмар» келишими киргизилди. Бул келишимдин алкагында банк агент катары да, принципал катары да иш алып барат.  

Өзгөрүүнүн негизги учурлары 

«Вакала биль-истисмар» келишимин киргизүү:

  • Ислам принциптерине ылайык банктар, микрофинансылык уюмдар (МФУ) жана кредиттик союздар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча жоболор толукталды.
  • «Вакала биль-истисмар» – бул каражаттын ээси пайда алуу максатында банкка же ФКУга акы төлөнүүчү же акысыз негизде тескөөнү тапшырган макулдашуу.
  • Агент чектелген же чектелбеген ыйгарым укуктарга ээ болушу мүмкүн.

Сый акы жана пайда: 

Эгерде вакала биль-истисмар келишиминде сый акы каралса, анда принципал келишимге ылайык, сый акыны төлөө мөөнөтү жана ыкмасы боюнча агентке төлөп берүүгө милдеттүү.  

Эгерде келишимде күтүлгөн кирешелүүлүк белгиленсе, анда: 

  • күтүлгөн кирешелүүлүктөн ашпаган пайда толугу менен принципалга таандык; 
  • күтүлгөн кирешелүүлүктөн ашкан пайда, эгерде бул бөлүштүрүү келишимде так көрсөтүлүп, Шариат стандарттарына каршы келбесе, агент үчүн стимул (бонус) катары принципал менен агенттин ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн.  

Тобокелдик жана жоопкерчилик: 

  • Агент кирешеге же капиталдын кайтарылышына кепилдик бербейт.
  • Агент шалаакылык, кыянаттык, алдамчылык болгон учурда гана жоготуулар үчүн жоопкерчилик тартат.
  • Эгерде минималдуу киреше (жеке тараптар үчүн) белгиленсе жана ага жетпесе, агент окшош инвестициялар боюнча реалдуу жана орточо рыноктук кирешенин ортосундагы айырманы компенсациялоого тийиш.

Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемеден таанышсаңыз болот. 

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банк тарабынан 2025-жылдын сентябрь айында коомдук талкууга чыгарылган болчу.