КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын жана кредиттик союздардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтом долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр каралды:
- ФККСке КСтен тышкары жеке жана юридикалык жактарга насыя берүү укугун берүү. Учурдагы укуктук абал КСККнын кеңири кардарлар базасын - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды түздөн-түз кредиттөө ишин чектөөдө. Бул кредит портфелинин артышына тоскоолдук жаратып, кирешелерди диверсификациялоо мүмкүнчүлүгүн азайтуу менен КСККнын туруктуу өнүгүү потенциалын төмөндөтүп жатат. КСККнын ыйгарым укуктарын кеңейтүү, анын кардарлар базасын диверсификациялоо аркылуу кирешесин жогорулатуу жана КСти колдоо чараларын улантуу үчүн финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл, алар барган сайын коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар менен катуу атаандашууда;
- КСККнын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздыгына карата талаптарды жеңилдетүү. Учурдагы талаптар квалификациялуу талапкерлердин чөйрөсүн кыскартууда (кредиттик союздар ансыз деле чакан финансылык чөйрө болуп саналат), бул директорлор кеңешинде ротация жүргүзүүнү жана тышкы эксперттерди тартууну кыйындатат, ошондой эле кошумча маалыматты ачыктоо жана контролдоо чараларын колдонуусуз иш жүзүндө көз карандысыз болууга толугу менен кепилдик бербейт;
- КСККнын акционерлеринин курамын кеңейтүү: КСККнын акционерлеринин формалдуу түрдө чектелген курамы (Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердигин жүргүзгөн кредиттик союздар) капиталды, стратегиялык инвесторлорду жана өнөктөштүктү тартууну чектейт, бул өсүштү, технологияга инвестицияларды жана капиталдын туруктуулугун жогорулатууну жайлатат;
- КСтин кызмат адамдарына карата минималдуу талаптарды кайра карап чыгуу - квалификацияга жана тажрыйбага коюлган учурдагы талаптар кадрлардын жетишсиздиги шартында компетенттүү менеджерлерди ишке тартууну татаалдаштырышы мүмкүн жана тобокелдиктерди башкаруунун жана комплаенстин заманбап тажрыйбасын ишке киргизүүгө тоскоолдук кылат.
КСККнын жана КСтин ишмердүүлүгүн кеңейтүү жагында талаптарды өзгөртүүгө КСККнын жана «Улуттук кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин сунушу негиз болуп саналат.
Учурда КСККнын уставдык капиталы 300,0 млн сомду түзөт жана ФККС Улуттук банк тарабынан белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча талаптарды аткарууда.
«КСККнын кредиттик союздар үчүн кредиттер боюнча пайыздык чени жылына болжол менен 15% – 16% түзөт. Бирок, кредиттик союздар өз чыгашаларынын ордун жабуу үчүн операциялык чыгашаларды жана рыноктук конъюнктураны эске алуу менен 10% – 12% чегинде маржа кошууга аргасыз болушууда, мындай кредиттер кредиттик союздардын катышуучуларын үчүн чыгашалуу болуп саналат. Натыйжада, КСтин кардарларынын олуттуу бөлүгү (өзгөчө ири кардарлар) коммерциялык банктарга жана микрофинансылык уюмдарга кайрылышууда, бул кредиттик союздардын да, КСККнын өзүнүн да кирешелүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, төлөөгө жөндөмдүү жана экономикалык ченемдерди аткаруусун эске алганда, КСККдан кредит ала алган кредиттик союздардын саны улам кыскарууда», - деп жазылат маалыматта.
Кредиттик союздардын санынын жана КСККнын кардарлар базасынын азайышын эске алганда, КСКК кредиттик союз болуп саналбаган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга кредит берүү аркылуу кардарлар базасын кеңейтүү менен өз ишин диверсификациялоосу зарыл. Мында, КСККнын кредиттик союздарды финансылык ресурстар менен камсыздоого көмөктөшүү ишин сактоо максатында, кредиттик союз болуп саналбаган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга берилүүчү кредиттер боюнча карыздын максималдуу өлчөмүн жалпы кредит портфелинин 30% ашпаган өлчөмдө чектөө сунушталат.
КСККнын алдын ала эсептөөлөрү боюнча чекене кредиттөө төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- кыйла рыноктук пайыздык чендер боюнча кошумча киреше агымын чекене кредиттер боюнча түзүү жана диверсификациялоо, бул өз кезегинде, КСКК КСке кредиттерди ыңгайлуу шарттарда, анын ичинде карыз алуучулары - КСке пайыздык чендерди төмөндөтүү менен кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет;
- инвестициялоо артыкчылыктарын жогорулатуу аркылуу жаңы инвесторлорду тартуу;
- КСККнын КСтерди өнүктүрүүдө негизги ролду аткарган апекс институту статусун сактоо.
Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй:
- Казакстанда кредиттик кооперативдер жана кредиттик өнөктөштүк сектору бара-бара трансформациядан өттү: кооперативдердин бир бөлүгү микрофинансылык уюмдар же финансылык өнөктөштүк статусун алышты, бул аларга жөнгө салуу талаптарын күчөтүү менен бирге жеке жана чакан юридикалык жактарга кредит берүүнү кеңейтүүгө мүмкүндүк берди (капиталга, отчеттуулукка жана тобокелдиктерди башкарууга карата жогорулатылган талаптар).
- Өзбекстанда финансы секторундагы реформалар чакан кредиттик кооперативдерди формалдуу микрофинансылык уюмдарга же аймактык кредиттик түзүмдөргө трансформациялоого жана консолидациялоого өбөлгө түздү.
- Тажикстанда кредиттик союздардын иши негизинен айыл жана жергиликтүү жамааттарга багытталган жана капиталынын аздыгынан жана консервативдүү жөнгө салуудан улам ишкердик көлөмү чектелүү.
- Кытайда адатта дыйкандарды кредиттөө кооперативдери бир катар аймактарда мүчөлөргө жана калкка масштабдуу кредит берүү мүмкүнчүлүгү бар ири аймактык банктарга же айылдык коммерциялык банктарга айланды.
- Орусияда кредиттик керектөө кооперативдери (ККК) адатта өз мүчөлөрүнө кредит беришет, бирок алардын мүмкүнчүлүктөрү жана көзөмөлдөө чаралары көлөмүнө жана укуктук формасына жараша өзгөрүп турат. Акыркы жылдарда жөнгө салуу тажрыйбасында ири жана системалуу кооперативдерди көзөмөлдөө күчөтүлдү: ачык-айкындуулук, жетекчиликти текшерүүгө, тобокелдиктерди чектөөгө жана айрым учурларда негизги кызматкерлер сертификат алуусу боюнча талаптары коюлду.
Документти кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Документ менен толук түрдө бул шилтемени басып таанышууга болот.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.