Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банктын валюталык интервенциялары: 2026-жылы рынокту колдоо көлөмү 1,47 млрд доллардан ашты

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кечээ рынокто 186,4 миллион доллар сатуу менен быйылкы жылдагы тогузунчу валюталык интервенциясын жүргүздү.

Улуттук банктын валюталык интервенциялары: 2026-жылы рынокту колдоо көлөмү 1,47 млрд доллардан ашты
Иллюстрациялык сүрөт

Финансылык жөнгө салуучу органдын  «Улуттук банктын валюта рыногунда операциялар» бөлүмүндө төмөнкүдөй жазылган:  

  • 24,8 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген
     күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган; 
  • 161,6 млн АКШ доллары бүтүмгө келишилген күндөн
     башка күндөгү эсептөөлөр менен ишке ашырылган. 

2026-жылы Улуттук банк валюталык 9 интервенция жасады:

  1. 134,05 млн доллар;
  2. 109,95 млн доллар;
  3. 162,55 млн доллар;
  4. 140 млн доллар; 
  5. 178,9 млн доллар;
  6. 168 млн доллар;
  7. 170,2 млн доллар;
  8. 222,55 млн доллар;
  9. 186,4 млн доллар.

Тогуз интервенциянын жалпы суммасы 1 миллиард 472 долларды түздү.

Эске салсак, 2025-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 853 миллион долларды түзгөн 8 интервенция жүргүзгөн.

2020-жылдан 2025-жылга чейин Улуттук банк 107 интервенция жүргүзгөн. Алты жыл ичинде жөнгө салуучу валюта рыногуна дээрлик 3,8 миллиард АКШ долларын саткан.

Поделиться:

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.