Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Улуттук банк ислам банкингинде виртуалдык активдер менен операциялар үчүн эскроу-эсебин киргизди

КРнын Улуттук банкы ислам каржылоо принциптери боюнча иштеген банктардын ишин жөнгө салуучу токтом кабыл алды. Документте тобокелдиктерди башкаруунун жаңы ыкмалары киргизилип, капиталга болгон талаптар жаңыртылды, бул финансы секторунун туруктуулугун камсыздоого багытталган.

Улуттук банк ислам банкингинде виртуалдык активдер менен операциялар үчүн эскроу-эсебин киргизди
Сүрөт: Интернеттен алынды

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2026-жылдын 2-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти.  

Токтом Улуттук банктын ислам каржылоо принциптери боюнча ЧУА төмөнкүлөрү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү болуп саналат:

  • кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча талаптарды жана ыкмаларды актуалдаштыруу; 
  • күрөөгө мониторинг жүргүзүү механизмдерин өркүндөтүү;
  • капиталга карата талаптарды актуалдаштыруу.

1. КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

68-1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«- акыркы календардык жыл ичинде келишимдин шарттарын бузууга жол берилбеген жана/же реструктуризациялоо жүргүзүлбөгөн 500000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн жылына кеминде бир жолу. Акыркы календардык жыл ичинде келишимдин шарттарын бузууга жол берилбеген жана/же реструктуризациялоо жүргүзүлбөгөн 500 000 сомго чейинки активдер боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүлөт, мында актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдоо болжолдонот.»; 

70-пункттун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- 300 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активди жана банк товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун/сунуштоочунун эсебине акча каражаттарын накталай эмес түрдө которгон учурда, 500 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, эгерде болгон болсо тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаттуу пайдаланылышына баа берүүгө.»;  

73-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында, банк күрөөлүк мүлккө, анын ичинде сакталган жерине жана жайгашкан ордуна баруу жана/же күрөөнү реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө мүмкүндүк берген видео жана фотосүрөткө тартууну колдонуу аркылуу мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мында банк, анын ичинде видео жана фотосүрөткө тартуу аркылуу жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө отчетту, кардардын каржылоо боюнча таржымалын сактоонун белгиленген мөөнөттөрүнө ылайык сактоону камсыз кылууга тийиш. 

Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы жана ыкмалары каржылоо саясатына/күрөө саясатына ылайык жана активдин сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы 300 000 сомдон кем болгон актив боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Суммасы 300 000 сомду жана андан көптү түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө төмөнкүчө мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш:  

  • эгерде актив 30 жана андан көп % чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо, жарым жылда кеминде бир жолу; 
  • эгерде актив 30%га жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо, жыл ичинде кеминде бир жолу.  

Банк күрөөлүк мүлктүн сакталышын милдеттүү түрдө көзөмөлдөөгө тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:

  • камсыздоонун рыноктук наркынын төмөндөшүнө;  
  • акыркы текшерүүдөн бери күрөөнүн ликвиддүүлүгүн төмөндөткөн кандайдыр-бир факторлордун орун алышына;  
  • күрөөнүн сакталышы камсыз кылынышына.  

Бул чаралардын бардыгы кардардын абалынын, демек, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин да абалынын начарлоо тенденциясын аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк түптөлгөн жагдайды жөнгө салуу жана өз таламынын корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды ошончолук тезирээк кабыл ала алат.»; 

Жобого карата 1-тиркеменин 1-пункту төмөнкү мазмундагы 18-абзац менен толукталсын: 

«- кардардын жолдошунун (жубайынын) каржылоону алууга макулдугу (бир карыз алуучуга 300 000 (үч жүз миң) сомдон ашкан каржылоо боюнча, жана эгерде колдонуудагы кредиттер/каржылоо бар болсо, каржылоо алууда).»; 

19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«300 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону жана банк товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун/сунуштоочунун эсебине акча каражаттарын накталай эмес түрдө которгон учурда, 500 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, эгерде болгон болсо тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет.». 

2. КРнын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

9-пункту төмөнкү мазмундагы 12-абзац менен толукталсын: 

«Виртуалдык активдер боюнча эскроу-эсеби – бул виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу, кардар жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган, келишимде каралган жагдайлар келип жеткенге чейин же милдеттенмелер аткарылганга чейин акча каражаттарын эсепке алуу жана бөгөт коюу үчүн каралган атайын эсеп, андан кийин банк виртуалдык активдерди сатуучуга акча каражаттарын которот. Мында виртуалдык активдерди КРнын «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзамында белгиленген мааниде түшүнүүгө болот, ал эми банктын операциялары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 3-февралындагы токтому менен бекитилген Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибине ылайык виртуалдык активдер менен кызмат көрсөтүүлөр чегинде жүргүзүлөт.»; 

13-пункттун 2-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Атайын эсептерге эскроу эсеби, максаттуу рекультивациялык эсеп, нотариустун депозити, виртуалдык активдер боюнча эскроу эсеби кириши мүмкүн». 

3. 2019-жылдын 15-ноябрындагы «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобонун: 

15-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмүн жана баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга каражаттардын суммасын эсептөөдөн «Виртуалдык активдер жөнүндө» КРнын мыйзамына ылайык эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга байланыштуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында баалуу металл түрүндөгү активдер жана каражаттар алынып салынат». 

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга болот. 

Эске салсак, 2026-жылдын март айынын аягында Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштаган. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.