Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Исламдык каржылоого жаңы эреже: МКУ жана банктар үчүн 13-декбардан тарта эмнелер өзгөрөт?

Улуттук банк исламдык каржылоо өнүмдөрүн колдонгон банктар жана микрокаржылоо уюмдары үчүн иштөө эрежелерин жаңылады. Өзгөртүүлөр мушарака жана кемүүчү мушарака келишимдерин түзүү тартибин, ижара жана күрөө шарттарын жөнгө салат жана кард келишимдеринин негизиндеги депозиттердин статусун тактайт.

Исламдык каржылоого жаңы эреже: МКУ жана банктар үчүн 13-декбардан тарта эмнелер өзгөрөт?
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

КРнын Улуттук банк Башкармасы 24-сентябрда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. Токтом Улуттук банктын ЧУА талаптарын төмөнкүлөргө ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан:

«Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2026-жылдын 8-июнундагы №85 мыйзамына; 

шарика/мушарака жана кемүүчу мушарака келишимдер жагынан эл аралык шариаттын стандарттарына ылайык келтирүү.  

КРнын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү эки токтомуна өзгөртүүлөр кирет: 

  1. 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 
  2. 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобонун:  

2.2.2-пункту төмөнкү редакцияда баяндалды: 

Шарика/мушарака келишими төмөнкүдөй эки башкы категория боюнча классификацияланат:  

  • юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучуларды бириктирүү;
  • юридикалык жакты, анын ичинде КРнын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн өнөктөш шериктештикти жана (же) юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү. 

Эгерде келишимден башкасы келип чыкпаса, шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле, катышуучулардын биригүүсүнө карата сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүсүнө карата да колдонулат. 

Кемүүчү мушарака келишими – бул шарика/мушарака келишимине негизделген өнөктөштүктүн формасы, анда өнөктөштөрдүн бири өнөктөштүктөгү же мүлктөгү башка өнөктөштүн үлүшүн акырындык менен сатып алууга, менчик укугу толук өткөнгө чейин милдеттенме алат. 

Башка өнөктөштүн өнөктөштүктөгү же мүлктөгү үлүшүн сатып алуу милдети шарика/мушарака келишиминен көз карандысыз болушу керек. Мындан тышкары, кемүүчү мушарака келишими шарика/мушарака келишиминен көз карандысыз болууга тийиш. Бир келишим башка келишимди түзүү шарттарында түзүлүшүнө жол берилбейт. 

Мүлктү сатып алуу баасы өнөктөштүн үлүшүн сатып алуу милдеттенмесинде аныкталат. 

Кемүүчү мушарака келишими шарика/мушарака келишимин алдын ала түзбөстөн түзүлүшү мүмкүн.

2.2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.2.2-1-пункт менен толукталды: 

Өнөктөш мүлктү КРнын мыйзамдарына жана шариат стандарттарынын талаптарына каршы келбеген максаттарда пайдаланууга, ошондой эле пайдалануу учурунда анын сакталышын камсыз кылууга милдеттенет. 

Банк жана өнөктөш убакыттын белгилүү бир учурундагы үлүштөрүнө ылайык, мүлктүн сапатынын начарлашына алып келген менчикке келтирилген ар кандай зыяндар үчүн биргелешкен жоопкерчиликти тартышат. 

Шарика/мушарака жана кемүүчү мушарака келишимдери боюнча мүлк КРнын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандырылууга тийиш. 

Мүлктү камсыздандыруу жана күндөлүк тейлөө боюнча чыгымдарды өнөктөштөр өз үлүшүнө жараша көтөрүшөт. Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды келечекте мүлк ага өтөт деген негизде да, өнөктөштөрдүн бирине жүктөөгө жол берилбейт. 

Кемүүчү мушарака келишиминин негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

  • аталышы, ошондой эле келишим предметин идентификациялоо үчүн жетиштүү сыпаттамасы; 
  • тараптардын келишим предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланышкан укуктары жана милдеттери; 
  • төлөмдөрдүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөтү.

Кемүүчү мушарака келишими жазуу жүзүндө же санарип документ түрүндө түзүлөт. 

Кемүүчү мушарака келишими КРнын мыйзамдарында каралган учурларда, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

Өнөктөштүктөгү башка өнөктөштүн үлүшүнүн же мүлкүнүн наркы тараптардын макулдашуусу боюнча белгилүү үлүштөргө бөлүнүшү мүмкүн. Ошого жараша, өнөктөш тарабынан төлөнгөн төлөмдөр белгилүү үлүштөргө бөлүнүп, тараптар макулдашкан мөөнөттөрдө, ал өнөктөштүктөгү же мүлктөгү бардык үлүштөрдү сатып алмайынча жана жалгыз менчик ээси болмоюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Банк келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык төлөмдөрдү өз убагында алууга укуктуу. Кемүүчү мушарака келишиминде төлөмдү негизсиз кечиктирген өнөктөш белгилүү бир сумманы же төлөмдөрдүн тиешелүү суммасынан кошумча үлүштү төлөйт деген шарт каралышы мүмкүн. Төлөмдөрдөн ашыкча төлөнгөн мындай суммасы Шариат кеңеши тарабынан бекитилген банктын ички саясатына ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат. 

Банктын мүлкүнүн үлүшүн пайдалангандыгы үчүн өнөктөш ижара акысын төлөйт, анын өлчөмү өнөктөш тарабынан банктын үлүшүн сатып алган сайын пропорционалдуу азаят. 

Өнөктөш үчүнчү жак менен мүлктү ижарага алуу келишимин банктын макулдугу менен КРнын мыйзам талаптарын жана шариат стандарттарын эске алуу менен түзө алат. 

Кемүүчү мушарака келишими боюнча банктын мүлкүнүн үлүшүнө менчик укугу мүлктүн 20% жана андан көп үлүшүн сатып алгандан кийин өнөктөшкө өткөрүлүшү мүмкүн. 

Кемүүчү мушарака келишими боюнча мүлк КРнын мыйзамдарына ылайык күрөө боло алат. 

Кемүүчү мушарака келишими төмөнкү учурларда токтолушу мүмкүн: 

  • өнөктөштөрдүн өз ара макулдашуусу боюнча; 
  • келишимдин мөөнөтү бүткөндө; 
  • келишим предмети бузулганда/жок кылынганда (өлүп калганда) жана мындан ары пайдаланууга мүмкүн болбогон учурда. Бул учурда калган төлөмдөр жүргүзүлбөйт, ал эми чыгымдар жана камсыздандыруу төлөмдөрү өнөктөштөрдүн ортосунда алардын үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүлөт;

КРнын мыйзамдарында каралган башка шарттар боюнча. 

2. «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобого ушул сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Ошол эле учурда, кард келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары ФКУнун ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттер катары каралат. 

Кард келишиминин шарттары боюнча кардар ФКУга акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардардын аларды эркин тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми ФКУ өз кезегинде инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Айрым учурларда ФКУ кардарга кард келишиминин шарттарында каржылоо берүүгө укуктуу. 

Токтом 2026-жылдын 13-декабрында күчүнө кирет. Документ менен толук бул шилтемени басып таанышууга болот.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.