Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Жаңы мыйзам үй ээлеринин камсыздандыруу төлөмдөрүнүн кепилдиктерин күчөтөт

2026-жылдын 24-июлунда президент Садыр Жапаров тарабынан турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тутумун өркүндөтүүгө багытталган «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамына кол койду.

Жаңы мыйзам үй ээлеринин камсыздандыруу төлөмдөрүнүн кепилдиктерин күчөтөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. 

Мыйзамга ылайык, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу түзүлөт. 

Камсыздандыруу пулун түзүү турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу тутумунун финансылык туруктуулугун жогорулатууга, камсыздандыруу уюмдарынын ортосунда камсыздандыруу тобокелдиктерин натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана камсыздандыруу учурлары келип чыккан учурда жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Эске салсак, буга чейин 2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстанда 19 камсыздандыруу компаниясы иштегени кабарланган. Алардын кирешеси 2,9 млрд сомду түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге көп болгон. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.