Электрондук акчаны мурастоо мыйзамы Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Электрондук капчыктагы каражаттар ээсинин көзү өтүп кетсе эмне болот? Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши биринчи кадамды жасады: санариптик каражатты мурастоо мыйзам долбоору колдоо тапты, бирок суроолор көп бойдон калууда.

Электрондук акчаны мурастоо мыйзамы Жогорку Кеңеште колдоо тапты
Иллюстрациялык сүрөт

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында 16-мартта  «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев болду. 

Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчалар боюнча укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Талкуу маалында бир катар депутаттар меселеге байланыштуу айрым суроолорду такташты. 

Эске салсак, буга чейин аталган мыйзам долбоорун, тагыраагы электрондук капчыкты мураска калтыруу демилгесин Улуттук банк колдогон. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.