- Ыкчам төлөм системасы деген эмне жана ал эмне үчүн керек?
- Ыкчам төлөмдөрдүн автоматташтырылган системасы – бул акча каражаттарын которууну жана төлөмдөрдү реалдуу убакытта күнү-түнү 365 күн бою камсыз кылган заманбап төлөм инфраструктурасы. Каражаттар жөнөтүүчүнүн же алуучунун банкына карабастан, алуучуга көз ачып жумгуча чегерилет.
Аталган системаны киргизүү улуттук төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө, накталай эмес эсептешүүлөрдүн ылдамдыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле банктар арасында которуулар үчүн ыңгайлуу бирдиктүү чөйрөнү түзүүгө багытталган. Система иштеп жаткан QR-төлөмдөрүн колдонуу сценарийлерин кеңейтүүгө, алуучуну идентификациялоонун кошумча ыкмаларын – телефон номерин, QR-кодду жана башка идентификаторлорду интеграциялоого, ошондой эле операциялардын коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду ишке ашыруу каржы секторун санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналат жана жеке жана юридикалык жактар үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
- Кыргызстандын кайсы банктары «пилоттук долбоорго» кирет?
- Учурда пилоттук этапта банктардын техникалык даярдыгы, кызыктарлыгы жана белгиленген талаптарга жооп берүүсүн эске алуу менен пилоттук долбоорго катышуучу банктардын тизмеси түзүлүүдө.
Даярдоо процедуралары аяктап, белгиленген тартипте макулдашылгандан кийин катышуучулардын акыркы курамы аныкталат.
- Башка өлкөлөрдөгү ушул сыяктуу системалардагыдай жеке адамдар үчүн банктар ортосундагы акысыз которууларга чектөөлөр болобу?
- Учурда аталган системанын ичиндеги бардык маселелер боюнча иштер жүрүп жатат. Акыркы чечимди пилоттук натыйжалардын негизинде алынган практикалык, техникалык жана экономикалык натыйжаларды, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны талдоо менен кабыл алуу пландаштырылууда.
Негизги артыкчылык - жарандар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү менен системанын туруктуулугунун ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу болуп саналат.
- Ыкчам төлөм системасы Банктар аралык процессинг борборунун («Элкарт») инфраструктурасынын базасында иштейби же жаңы платформабы?
- Ыкчам төлөм системасы технологиялык архитектуранын үзгүлтүксүздүгүн жана колдонуудагы чечимдерди эффективдүү пайдаланууну камсыз кылуу менен 1-Оператордун (ELQR) инфраструктурасын колдонуу менен ишке ашырылат.
Ошол эле учурда, аталган системанын функционалдуулугу анын ийкемдүүлүгүн жана масштабдуулугун камсыз кылуучу төлөмдөрдү жана которууларды баштоо үчүн ар кандай идентификаторлорду колдонууну кошкондо, иштеп жаткан платформанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү карайт.
Эскерте кетсек, Орусияда мындай система ишке киргизилген. Тез төлөмдөр системасы – бул Орусия Банкынын 24/7 кызматы, ал уюлдук телефондун номери аркылуу ар кайсы банктардагы эсептердин ортосунда акча которууга, сатып алууларды жүргүзүүгө, кызматтар жана салыктарды төлөөгө жана башка транзакцияларды аткарууга мүмкүндүк берет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.