ФККС жана кредиттик союздарды лицензиялоонун жана иштетүүнүн жаңы эрежелери киргизилди

Улуттук банк Башкармасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын жана кредиттик союздардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» токтом кабыл алды.

ФККС жана кредиттик союздарды лицензиялоонун жана иштетүүнүн жаңы эрежелери киргизилди
Сүрөт: Улуттук банктын маалымат кызматы

Бул тууралуу Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришти. 

Токтом кредиттик союздун финансы компаниясына өз ишин кеңейтүүгө жана кредиттик союздарга гана эмес, жеке жана юридикалык жактарга да насыя берүү укугуна ээ болууга мүмкүндүк берет.

«Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ачык акционердик коомунун адистештирилген финансылык-кредиттик уюмунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун 3-пунктунда төмөнкүдөй редакцияда баяндалган:

«Коомдун акционерлери жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.

Кредиттик союздун коомдун капиталындагы үлүшү коомдун добуш берүүчү акцияларынын 20%ынан ашпоого тийиш.

Кредиттик союз болуп саналбаган жеке же юридикалык жактын коомдун капиталындагы үлүшү коомдун добуш берүүчү акцияларынын 15 пайызынан ашпоого тийиш.

Кредиттик союздар болуп саналбаган жеке жана юридикалык жактарга таандык добуш берүүчү акциялардын жалпы үлүшү коомдун уставдык капиталынын 49 пайызынан ашпоого тийиш.

Каражат булактары катары:

Юридикалык жактар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

  • акыркы финансылык жыл үчүн финансылык отчет (бухгалтердик баланс жана акыркы финансылык жыл үчүн кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет), салык отчеттору жана/же финансылык абалы жөнүндө башка документтер же алардын көчүрмөлөрү (юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн);
  • аудитордун корутундусу (эгерде бар болсо же бул талап мыйзамда белгиленсе) же анын көчүрмөсү (юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн);

Жеке адамдар камсыз кыла алат:

  • киреше салыгы боюнча декларациялар, кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу/кайрымдуулук келишимдери, акчалай сумманы мурастоо укугу, мүлк жана башка тастыктоочу документтер же алардын көчүрмөлөрү.
  • Юридикалык жана жеке жактар уставдык капиталга чегерилген акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын ырастоочу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка документтерди да бере алат.

Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтеме аркылуу таанышса болот.

Эске салсак, буга чейин КРнын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын жана кредиттик союздардын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштаган. Токтом ФККСке КСтен тышкары жеке жана юридикалык жактарга насыя берүү укугун берүү сыяктуу бир катар өзгөртүүлөрдү караган. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.