«Берекет Банк» Кыргызстандын банк системасына кирди

2025-жылдын 8-декабрына карата «Берекет Банк» Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын тизмесине кирип, республикадагы 22-коммерциялык банк болуп калды.

«Берекет Банк» Кыргызстандын банк системасына кирди
Сүрөт: WWW

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Жаркынбек Сагындыков «Берекет банк» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. 2024-жылдын июнь айында «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал эми 2024-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Жаркынбек Сагындыковду «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын жетекчиси кызматына бекиткен.

Сагындыков буга чейин «КЫРГЫЗСТАН» коммерциялык банкы» ААК башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы банктын негиздөөчүлөрү КРнын президентинин кичүү уулу Нурдөөлөт Нургожоев жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Марат Султанов болду. Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар агенттигине берген маегинде жаңы ачылган «Берекет банк» тууралуу комментарий берип, баласынын катыштыгына түшүндүрмө берген. 

Эске салсак, кечээ, 8-декабрда КРнын Улуттук банкы «Берекет Банк» ЖАКка улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия бергени кабарланган.  

2025-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 10-октябрындагы чечими менен «Берекет Банк» ЖАКты түзүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.