Накталай эмес төлөмдөрдүн жаңы эрежелери: 2026-жылдан баштап бизнес үчүн эмне өзгөрөт

Мамлекеттик салык кызматы ишкердик жүргүзүүдө накталай эмес эсептешүүлөргө байланыштуу КРнын Салык жана Эмгек кодекстерине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берет.

Накталай эмес төлөмдөрдүн жаңы эрежелери: 2026-жылдан баштап бизнес үчүн эмне өзгөрөт
Сүрөт: Banks.kg

Буга чейин бир катар ЖМКларга соода операцияларында накталай төлөмдөрдү алып салуу боюнча салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип жатат деген туура эмес маалымат жарыяланган, бирок МСК  бул маалымат чындыкка дал келбей турганын жана коомчулукка туура эмес түшүндүрүлгөнүн билдирди.

Салык кодексине болгон өзгөртүүлөрдүн мааниси 

2025-жылдын 29-октябрында салык кодексине бир катар өзгөртүулөр киргизилген, алар салык мыйзамдарын өркүндөтүүгө, салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Негизги максат - ак ниет атаандаштыкты камсыздоо жана көмүскө экономиканы кыскартуу.

2026-жылдын 1-январынан тарта жеке жак катары катталган накталай эмес төлөм жабдууларын же куралдарын колдонгон ишкерлерге жопкерчиликти белгилеген ченем күчүнө кирет. 

Талапты бузгандар үчүн жоопкерчилик 

  • Биринчи жолу бузган учурда - эскертүү берилет;

Кайрадан бузган учурда:

  • жеке жактар үчүн - 50 эсептик көрсөткүч;
  • юридикалык жактар үчүн - 280 эсептик көрсөткүч.

Бир нече ирет кайталанган учурда:

  • жеке жактар үчүн - 130 эсептик көрсөткүч;
  • юридикалык жактар үчүн - 650 эсептик көрсөткүч.

Ошондой эле, банктар тарабынан салык органдарына маалыматты же аны белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн жопкерчилик киргизилет. Бул учурда юридикалык жактар учун 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Реформанын негизги максаты

Мыйзамдагы жаңылыктар салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө, бизнеске болгон бюрократиялык жүктү азайтууга, кардарлардын ишенимин арттырууга жана төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыздоого багытталган.

Бул өзгөртүүлөр санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө шарт түзөт. QR-коддорду, POS-терминалдарды жана электрондук капчыктарды колдонуу боюнча так эрежелер ишкерлер үчүн тобокелдиктерди азайтып, керектөөчүлөр үчүн коопсуз шарттарды камсыздайт.

Белгилей кетсек, бул өзгөртүулөр накталай төлөмдөрдү жоюуну карабайт. Болгону ишкерлер тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу тартибин бузган учурларда жопкерчиликти аныктайт.

Ишкердик субъекттер товарлардын, иштердин жана кызматтардын төлөмүн банк карталары, электрондук акча жана улуттук стандарттагы QR-коддор аркылуу кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Эске салабыз: учурдагы жоопкерчилик 

Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу жабдуулардын жоктугу же төлөмдү кабыл алуудан баш тарткан учурда:

  • жеке жактар үчүн — 10 эсептик көрсөткүч;
  • юридикалык жактар үчүн — 50 эсептик көрсөткүч.

Үчүнчү жактын атына катталган QR-коддорду, POS-терминалдарды же электрондук капчыктарды колдонуу:

  • биринчи жолу бузганда эскертүү берилет;
  • кайрадан бузганда:
  • жеке жактар үчүн — 200 эсептик көрсөткүч;
  • юридикалык жактар үчүн — 650 эсептик көрсөткүч
     айып пул салынат.

Эмгек кодексиндеги өзгөртүүлөр

2025-жылдын 29-октябры, 2026-жылдын 1-январынан тартып жеке ишкерлер - жумуш берүүчүлөр чет өлкөлүк жарандарга эмгек акыны накталай эмес түрдө төлөөгө милдеттүү болушат.

Эмгек акы накталай төлөнүшү мүмкүн болгон учурлар (табигый кырсыктар, өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал жарыяланган учурда) ошондой эле КРнын Министрлер кабинети белгилеген башка учурларда.

Эмгек акыны накталай төлөөгө төмөнкү учурларда уруксат берилет:

  • жумушчунун иши жайгашкан жерде банк кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо;
  • сезондук талаа иштерине жумушу жалданганда;
  • ишкананын эсептерине камак коюлганда;
  • турак-жай ээлеринин шериктештиктеринин кызматкерлерине (2026-жылдын 1-январына чейин);
  • айыл чарба кооперативдерине.

Мурда эмгек кодексинде иш берүүчү — юридикалык жак эмгек акыны накталай эмес түрдө төлөөгө тийиш деген норма болгон. Эми бул талапка кошумча жаңы өзгөртүү киргизилди.