Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын январь–март айларында таңгакталган сууларга 42,7 млн эсептик-контролдук марка берди. Маркаланган продукциянын жалпы көлөмү 95,2 млн литрди түздү.
Импорттоочулардан бюджетке 2,8 млрд сом салык түштү, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60,1%га көп.
Таңгакталган сууну маркалоо 2026-жылдын 1-январынан тарта киргизилген. Калдыктарды маркасы жок 1-июлга чейин сатууга уруксат.
Мыйзам бузууда, тагыраагы маркасы жок продукцияны сатууда 100 миң сом өлчөмүндө айып пул жана кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Ошол эле учурда соцтармактарда баанын өсүшү талкууга түштү: колдонуучулар айрым дүкөндөрдө 0,5 литр суу 70 сомго чейин жеткенине даттанып жатышат.
-large-webp.webp)
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.