Жыйында учурдагы кырдаал, тобокелдиктер жана иштеп жаткан чектөөлөрдүн мүмкүн болуучу кесепеттери талкууланып, аларды этабы менен алып салуу боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Мамлекеттик органдар министрлер кабинетинин жетекчилигине эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу жана экспорттук-импорттук операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча туруктуу негизде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат беришти. Кыргызстандын санкциялык маселелер боюнча батыштык өнөктөштөр менен тынымсыз диалогуна өзгөчө көңүл бурулду.
Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтууга жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелеринен чыгаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.
Талкууга Евробиримдиктин Орусияга каршы 20-санкция пакетинен келип чыккан жаңы тобокелдиктер да түрткү болду.
Өткөн аптада ЕБ биринчи жолу Кыргызстанга айрым станокторду жана радиоаппаратураларды Орусияга кайра экспорттоо коркунучунан улам экспорттоого чектөө киргизди. Ошондой эле, A7A5 стейблкоини айланган криптобиржа менен байланышы бар Кыргызстандагы уюм санкцияга кабылды.
Жаңы пакет ошондой эле санкцияларды үчүнчү өлкөлөр аркылуу айланып өтүүгө көзөмөлдү күчөттү, бул Кыргызстандын тышкы соода операцияларынын бөлүгүнө таасир этиши мүмкүн. Буга чейин кыргыз банктары, анын ичинде «Керемет Банк» жана «Капитал Банк» санкцияга кабылган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.