Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун түшүндүрмөсүнө ылайык, саясий партиялар, диний уюмдар жана коммерциялык эмес кооперативдер жыл сайын 1-апрелге чейин Мамлекеттик салык кызматынын сайтына өткөн жыл үчүн маалыматты жайгаштырууга милдеттүү.
Отчетто төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
- акча жана материалдык ресурстарды түзүү булактары;
- аларды коротуу багыттары;
- алынган, пайдаланылган мүлк тууралуу маалыматтар.
Эске салсак, буга чейин да мындай мыйзам долбоору каралып, бирок парламент тарабынан четке кагылган. Ал эми жаңы документте такталгандай: кеп бардык кооперативдер тууралуу эмес, коммерциялык эмес уюмдарга гана тиешелүү болууда.
Мыйзам долбоору кайрымдуулук жана башка акысыз түшүүлөрдүн эсебинен каржыланган уюмдардын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.