Өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү жана карыздарды текшерген онлайн-портал ишке киргизилди

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандарды өз убагында маалымдоо, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, жаңы порталды ишке киргизди.

Өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү жана карыздарды текшерген онлайн-портал ишке киргизилди
Иллюстрациялык сүрөт

Аталган портал карызынын бар экенин билүү, өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун байланыш маалыматтарын онлайн форматта текшерип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

Бул платформа жарандар чет өлкөгө учар алдында күтүүсүз түрдө чыгууга чектөөсү бар экенин билип, сапарын токтотуп коюуга аргасыз болгон жагдайлардын алдын алуу максатында түзүлгөн.

Портал аркылуу ар бир жаран алдын ала төмөнкүлөрдү текшере алат:

  • карыздын бар-жогун билүү;
  • тиешелүү сот аткаруучунун аты-жөнүн, телефону жана байланыш маалыматтарын;
  • чектөөлөрдү алып салуу же көйгөйдү мыйзам чегинде чечүүнүн альтернативдүү жолдору боюнча консультация алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Платформаны колдонуу үчүн мобилдик телефондун жардамы менен атайын QR-кодду сканерлөө жана өзүңүздүн ИНН (салык идентификациялык номериңизди) киргизүү жетиштүү болот.

Сот аткаруучулар кызматы жарандарды мүмкүн болгон жагдайлардан сактануу үчүн алдын ала текшерүү жүргүзүүгө жана зарыл учурда жооптуу сот аткаруучуга кайрылууга чакырат. Жаңы сервис кызматтын ачык-айкын иш алып баруусун камсыздап, жарандарга максималдуу ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.