Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси өлтүрүлдү

Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайлардын биринде каракчылык кылып, мекеменин ээсин бычактап өлтүрүүгө шектүү жаран колго түштү.

Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээси өлтүрүлдү
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, окуя 24-майда Амир-Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайда болгон. 

Анда бет кап кийген белгисиз жаран имаратка кирип барып, жумуш ордунда отурган 33 жаштагы ишкерге туш келди бычак шилтеп, акчасын тоногон. Окуяны көрүп, ортого түшкөн жергиликтүү тургун да колунан жаракат алган.

Мекеменин ээси алган оор жаракаттарынан улам ооруканада операция жасалып жаткан учурда каза тапкан.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну кармалды. Кармоо учурунда шектүү жанын кыюуга аракет кылган, бирок милиция кызматкерлери ага мүмкүнчүлүк берген эмес.

Бул факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.