Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстандын казынасы пландан тышкары 20 млрд сомдон ашык каражатка толукталды

2026-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454 миллиард 251,8 миллион сомду түзүп, болжолдонгон көрсөткүчтөн 22 миллиард 652,7 миллион сомго ашты.

Кыргызстандын казынасы пландан тышкары 20 млрд сомдон ашык каражатка толукталды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында өткөн, жылдын биринчи жарымындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары каралган кеңешмеде белгилүү болду.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы 191 млрд 620 млн сом киреше камсыздап, белгиленген көрсөткүчтөн 7 млрд 442,7 млн сомго ашык каражат чогулткан. Аткаруу деңгээли 104%ды түзгөн.

Өз кезегинде, Мамлекеттик бажы кызматы бюджетке 87 млрд 380,4 млн сом түшүүсүн камыздап, белгиленген көрсөткүчтү 4 млрд 385,8 млн сомго ашыкча аткарган. Белгиленген план 105,3%га аткарылды.

Касымалиев коюлган милдеттердин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.