Bakai Business тиркемесинде салыктарды оңой төлөңүз

Bakai Bank убактысын, ресурстарын үнөмдөгөн ишкерлерге банк сервистерин санариптештирүү менен чечимдерди сунуштоону улантууда. Жаңы функция компания жана жеке ишканаларга мамлекеттик салыктарды экранды бир нече жолу басып эле төлөп коюуга мүмкүнчүлүк түзөт.
Бул кантип иштейт?
- Bakai Business тиркемесине катталыңыз;
- «Кызматтарды төлөөгө» өтүңүз → «Мамлекеттик төлөмдөр» → «Салыктарды жана салык карыздарын төлөө (код боюнча төлөм»;
- Эсепти, төлөм кодун, сумманы жана башка реквизиттерди жазыңыз;
- Төлөмдү жөнөтүңүз;
- Чекти дароо көчүрүп же чыгарып алсаңыз болот.
Биз салык төлөмдөрүндө ишенимдүүлүк менен ыкчамдыктын маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Жаңы сервис -
Bakai Business’ти бизнес үчүн толук кандуу каржылык жардамчы кылууга карай дагы бир кадам.
Функционал 24/7 режиминде иштейт, бул отчет тапшырган убактарда абдан ыңгайлуу. Эми дем алыш күндөрү да, жумуш убактысынан сырткаркы убактарда да бизнес салык милдеттерин ыкчам түрдө аткара алат.
Жаңы функция колдонууга ыңгайлуу интерфейсинен улам бухгалтер жана ишкерлерден оң пикирлерге ээ болууда.
Bakai Bank - чыныгы маанилүү нерселер үчүн!
Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардын тактыгы жана мазмунуна болгон жоопкерчилик толугу менен жарнама берүүчүлөргө жүктөлөт.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.