Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 1-июлга карата жүргүзүлгөн мониторингде айтылат.
Министрликтин маалыматы боюнча, баанын эң олуттуу төмөндөшү майлуулугу 2,5–3,2% болгон сүттө байкалып - 9,8%га арзандады. Пияздын баасы 9,2%га, ал эми картошканыкы 8,3%га төмөндөдү.
Ошол эле учурда бир катар товарлардын баасы жогорулаганы байкалды. Тактап айтканда, тазаланган күн карама майынын баасы 6%га, сары май 0,9%га, кой эти 0,8%га, сабиз 0,7%га, кумшекер 0,2%га жана уй этиники 0,2%га, ошондой эле жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу буудай унунун баасы да 0,2%га кымбаттады.
Казакстанда баалардын эң олуттуу өсүшү вермишель (+9,6%), сары май (+9,5%) жана спагетти (+4,4%) боюнча байкалды. Ошол эле учурда жумуртка (-9,8%), картошка (-8,6%), кумшекер (-6,7%) жана сүт (-6,5%), ошондой эле биринчи сорттогу ун менен күрүчтүн баасы төмөндөгөн.
Орусияда жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, пияз (+0,8%), картошка (+0,5%), сабиз (+0,3%), кумшекер (+0,3%), вермишель (+0,1%) жана уй этинин (+0,1%) баасы бир аз жогорулады.
Ошол эле учурда коңшу өлкөдө жумуртка (-0,7%), кой эти (-0,5%), сары май (-0,2%), биринчи сорттогу ун (-0,2%), пастерленген сүт (-0,1%) жана тазаланган күн карама майынын (-0,1%) баасы төмөндөдү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.