Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда май айында кайсы азыктар кымбаттады

Айыл чарба министрлиги Кыргызстан, Орусия жана Казакстандагы азык-түлүккө болгон баалар боюнча жүргузүлгөн салыштырма мониторингдин жыйынтыгын жарыялады.

Кыргызстанда май айында кайсы азыктар кымбаттады
Иллюстрациялык сүрөт

Биздин өлкөдө 13-майга карата өткөн жумага салыштырмалуу пияз менен картошканын баасы эң көп кымбаттаган.

  • пияз – 7 %;
  • картошка – 6,5 %;
  • кой эти  – 3,3 %; 
  • уй эти – 2,4 %; 
  • шекер – 1,1 %.

Ошону менен катар ун, сүт, нан жана макарон азыктары да бир аз кымбаттаган. Ал эми жумуртка 2,5 %га арзандаган.

Казакстанда эң көп макарон азыктары кымбаттаган, тагыраагы 25,5 %га жана сабиз 12 %га жогорулаган. Ошону менен катар ал жакта нан, пияз, шекер жана картошка арзандаган. 

Орусияда жашылча, эт, кант, май, жумуртка бир аз кымбаттады. Эң көп сабиз жана картошка кымбаттаган, тагыраагы 1,4%га.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.