Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
КРдин салык мыйзамдарына ылайык, турак үйдү, батирди же автоунааны сатууда алынган кирешеден 10 пайыз өлчөмүндө, тактап айтканда сатып алуу суммасы менен сатуу суммасынын ортосундагы айырмага киреше салыгын төлөө зарыл. Эгерде мүлк 1 жылдан кийин сатылса, сатуу суммасына карабастан, киреше салыгы төлөнбөйт.
Бирок, турак эмес жайларды сатууда киреше салыгы иштөө мөөнөтүнө карабастан төлөнөт.
«Эгерде мүлк мураска же жакын тууганынан белекке алынган болсо, мураскор мүлккө бир жылдан ашык ээлик кылса, аны сатууда салык төлөбөйт», - деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.
Салыкты кантип төлөө керек?
Киреше салыгын cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу төлөөгө болот. Системага кирүү үчүн салык органы тарабынан берилген логин жана сыр сөздү колдонуу керек. Ошондой эле, санариптик кол тамга же «Түндүк» аркылуу авторизациядан өтүү менен кирүүгө болот.
Системага киргенден кийин «Салыктарды төлөө» бөлүмүн, андан кийин «Салык төлөмдөрүн төлөө» бөлүмүн тандоо зарыл. Анан соң төмөнкүлөрдү көрсөтүү кажет:
- Салыктын түрү — «Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы»;
- Салыктын суммасы;
- Андан кийин «Төлөө» баскычын басып, ыңгайлуу төлөм ыкмасын тандоо керек (төлөө коду, QR-код же банк картасы аркылуу).
Салык декларациясын толтуруу
Киреше салыгы 1-майда тапшырыла турган салык декларациясын тапшыруудан мурун төлөнүшү керек экенин эстен чыгарбоо зарыл.
Эгерде салык төлөөчү мүлктү 2025-жылы саткан болсо, анда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүнөн кечиктирбестен, 2026-жылдын 1-майына чейин төлөшү керек.
Салык декларациясын салык төлөөчүнүн кабинетинде «Отчетторду тапшыруу» бөлүмү аркылуу онлайн тапшырууга болот.
- Ишкердик менен алектенбеген жеке жактар STI-100 формасын тапшырышат (1 тиркеме, 155 уяча, 1 бөлүм, “Салык салынуучу кирешелер”).
- Жеке ишкерлер STI-102 формасын толтурушат (5 тиркеме, 505 уяча, 1 бөлүм, “Салык салынуучу кирешелер”).
Декларацияда сатылган мүлктөн алынган киреше көрсөтүлөт, бирок мүлк сатып алуу же курулуш үчүн кеткен чыгымдар, ошондой эле оңдоого же түзөөгө кеткен чыгымдар эсептен чыгарылат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.