2025-жылдын биринчи кварталы үчүн Кыргызстандагы банктардын уставдык капиталынын рейтинги

Уставдык капитал - бул уюмдун ишин камсыз кылуу үчүн финансы-кредиттик мекемелердин (ФКМ) ээлери тарабынан алгач салынган каражаттардын суммасы.
КРнын Улуттук банкынын 2023-жылдын 15-мартындагы токтомуна ылайык, коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү:
- 2023-жылдын 1-апрелинен баштап – 600 млн сом;
- 2024-жылдын 1-июлунан баштап – 800 млн сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан баштап – 1 млрд сом.
Кыргызстандын коммерциялык банктары 2024-жылды Улуттук банктын бюллетенине ылайык, төмөнкү көрсөткүчтөр менен жыйынтыкташты. Өзгөртүүлөрдүн динамикасын салыштыруу үчүн үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинин маалыматтарын да коштук.
Таблицада көрүнүп тургандай, Кыргызстандагы бардык коммерциялык банктар уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча Улуттук банктын талаптарына жооп берери анык. Бирок, кээ бир банктар – мамлекеттик «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» минималдуу көлөмдөн бир нече эсе ашып, рейтингде алдыңкы орундарды татыктуу ээлешти.
Биринчи чейрек ичиндеги, КРнын банктарынын финансылык отчетуна ылайык, алардын көпчүлүгүнүн уставдык капиталында эч нерсе өзгөргөн эмес. Бирок «Оптима Банк» үстүбүздөгү жылдын февраль айында негизги капиталын 3500 миллион сомго көбөйткөн. Өз кезегинде «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» өзүнүн уставдык капиталын бир аз кыскартканы көрүнүп турат: өткөн жылдын аягында 2001 миллион сом болсо, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча 1987,2 миллион сомго жеткен.
Кулагыңызга күмуш сырга, эгерде сиз банкты жарнамага канча акча коротконуна карап эмес, реалдуу сандарга баа берүү менен тандагыңыз келсе, анда ФКМнин финансылык отчетунун динамикасына көз салганыңыз оң. Бул сизге туура чечим кабыл алууга жардам берет, өзгөчө эгерде сиз узак мөөнөттүү кызматташууну карап жатсаңыз - депозит ачуу, ипотека же банк эсеби аркылуу бизнес жүргүзүү.
«Кыргызстандын банктарынын финансылык отчетторун кайдан тапса болот?» деген макаладабызда, Кыргызстандагы банктардын финансылык отчеттуулук баракчаларына шилтемелерди чогултканбыз. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетун түзүүгө карата талаптар жөнүндө жобого ылайык, финансылык абалы жана жалпы кирешелери жөнүндө ай сайынгы отчеттор банктын расмий сайтында жана ФКМнин маалымат тактасында кийинки айдын 10унан кечиктирилбестен жайгаштырылууга тийиш.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.