Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Арызды кароо мөөнөтү эми болгону 5-10 мүнөт, кызмат күнү-түнү дүйнөнүн каалаган жеринен жеткиликтүү.
Онлайн түрдө төмөнкүлөрдү өзгөртүүгө болот:
- реквизиттерди;
- ишмердүүлүктүн түрлөрүн;
- салык режимин;
- юридикалык даректи (район ичинде же башка районго көчкөндө).
Салык кызматы процесс толугу менен автоматташтырылганын жана салык органына жеке кайрылуунун зарылдыгы жоктугун кошумчалады.
Баса, Салык кызматы ишкерлер үчүн бюрократиялык жол-жоболордун санын кыскартты. Өзгөртүүлөр бизнести жоюуга жана онлайн кайра каттоого тиешелүү.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы Banks.kg сайтына салык режимин тандоо жана салыктык эсептерди жүргүзүү тартибин түшүндүрүп берген.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.