Улуттук банк жылдын жетинчи валюталык интервенциясын өткөрдү

5-декабрда, Улуттук банк валюта рыногуна 83 миллион АКШ долларын сатты. Ал эми быйыл тескери интервенциялар болгон жок.

Улуттук банк жылдын жетинчи валюталык интервенциясын өткөрдү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.  

Каржылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей:

  • 31 млн АКШ доллары бүтүм жасалган күнү эсептешүү менен ишке ашырылган;
  • 52 млн АКШ доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнү эсептешүүлөр менен ишке ашырылган.

Жалпысынан быйыл жөнгө салуучу 7 интервенция жүргүзгөн, алардын эң ириси 173,9 миллион долларды түзгөн. 

Белгилүү бир убакыттарда Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн турукташтыруу максатында валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзөт. КРнын Улуттук банкы чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу жолу менен интервенция жасайт, бул рыноктогу суроо-талаптарга, сунуштарга жана албетте алмашуу курсуна таасирин тийгизет.

Эске сала кетсек, Улуттук банк 2020-жылдан 2024-жылга чейин 99 интервенция жүргүзгөн. Жөнгө салуучу орган валюта рыногуна 2,9 миллиард доллар саткан.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.