Кыргызстанда 100 күн ичинде жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси жөнөкөйлөтүлөт

Министрлер Кабинетинин төрагасы - президенттин аппаратынын жетекчиси Адылбек Касымалиев жыйында жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында кезектеги реформа башталганын жарыялады.

Кыргызстанда 100 күн ичинде жеке ишкерлерди кайра каттоо процесси жөнөкөйлөтүлөт
Иллюстрациялык сүрөт

Адылбек Касымалиев бул маселе өлкөдө жагымдуу бизнес климатын түзүү үчүн маанилүү экенин белгиледи. 

Ал белгилегендей, жеке ишкерлерди кайра каттоонун юридикалык дарегин, салык режимин, реквизиттерин же иштин түрлөрүн өзгөртүүгө байланыштуу болгон бюрократиялык жол-жоболор ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратууда. 

«Бүгүнкү күндө ишкерлер салык органдарына бир нече жолу барууга, бир нече саатка кезекке турууга, кагаз документтерди чогултууга аргасыз болууда. Бул бизнести өнүктүрүү үчүн колдонула турган бир топ убакытты жана ресурстарды талап кылат», - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Ал бул көйгөйдүн негизги себеби катары «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу арыздарды онлайн тапшыруу сервисинин жоктугу, ошондой эле салык органдары менен башка мамлекеттик органдардын ортосунда кол менен, кагаз жүзүндө маалыматтарды алмашуу болгондуктан, бул ишкерлердин мамлекеттик кызматтарга канааттануусунун төмөндөшүнө алып келерин белгиледи. 

Буга байланыштуу Касымалиев төмөнкүлөрдү тапшырды: 

  • жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин толугу менен онлайн форматка өткөрүү;
  • «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» кайра каттоо үчүн арызды толтуруу, ал жерге керектүү документтерди тиркөө үчүн кызматты ишке киргизүүнү; 
  • жол-жоболорду 1 күндүн ичинде бүтүрүүнү тапшырды.  

Онлайн форматты киргизүүнүн натыйжасында ишкерлердин убактысын үнөмдөп, салык органдарына баруу зарылчылыгы жоюлуп, 1 күндүн ичинде бүтүрүү менен процедуранын убактысы 5-10 мүнөткө чейин кыскарары күтүлүүдө.

«Министрлер Кабинети ишкердикти өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат. Биздин максат - ыңгайлуу шарттарды түзүү, ишкерлердин убактысын жана ресурстарын үнөмдөө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы сапатын киргизүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоону онлайн форматка өткөрүү бул багытта маанилүү кадам болот деп ишенем», - деп белгиледи Касымалиев. 

Ал бул долбоорду 100 күндүн ичинде ийгиликтүү ишке ашырууну тапшырды.